Венесуэланын Улуттук Праламенти БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрктү "кааланбаган адам" деп жарыялады.
БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары болгон Түрк өткөн жумада Каракас өкмөтүн "каалагандай камоолорду" жүргүзүү менен айыптаган.
Венесуэла бийлиги Түрктүн бул билдирүүлөрүн "агрессия" катары четке каккан.
Өзгөчө буга чейин Түрк АКШ тарабынан Сальвадордогу түрмөгө депортацияланган венесуэлалыктардын укуктарын коргобогондугун жана АКШдагы мигрант ата-энеден ажыраган венесуэлалык балдардын кайтарылышын талап кылбаганын да белгилеген.
Улуттук Парламенттин спикери Хорхе Родригес өкмөткө Түрктүн кеңсеси менен бардык карым - катнаштарды токтотууга чакырды.
Жогорку комиссарлык кеңсеси Венесуэлада 2019-жылдан бери иштеп келет, даярдаган сынчыл отчетторунан улам бат бат талкуулардын күн тартибинен орун алууда.