Ливандык көрөгөч композитор, драматург, пианист жана саясий провокатор Зиад Рахбани ишемби күнү 69 жашында көз жумганын мамлекет колдогон Улуттук маалымат агенттиги билдирди.
Рахбанинин өлүмү тууралуу кабарды атын атагысы келбеген тууганы тастыктады. Өлүмдүн себеби дароо айтылган жок.
1956 - жылы Бейрут жакындарындагы Антелиаста төрөлгөн Зиад легендардуу ливандык ырчы Фейруз жана белгилүү Рахбани бир туугандардан композитор Асси Рахбанинин тун уулу болгон.
Ал кичинекей кезинен эле өзгөчө таланттын белгилерин көрсөтүп, биринчи музыкалык чыгармасын 17 жашында жараткан. Искусство чөйрөсүндө чоңойгон Зиаддын жашоосун музыка, театр жана саясий аң-сезим түзгөн; бул элементтер анын карьерасын аныктаган негизги элементтер болгон.
Апасы Зиаддын айрым чыгармаларын аншлаг менен өткөн концерттерде аткарган жана ал Ливан фольклорун батыштын синкопиялары жана сөздөр менен жуурулуштурган.
Ливандын президенти Жозеф Аун Рахбанинин өлүмүн улуттук жоготуу катары сыпаттады жана аны "жөн эле сүрөтчү эмес, чыныгы интеллектуалдык жана маданий феномен" деп мүнөздөдү. Аун билдирүүсүндө Рахбанини «тирүү абийир, адилетсиздикке каршы козголоңчу үн жана эзилгендер тарткан азапты чагылдырган чынчыл күзгү» деп мүнөздөдү.
Президент Рахбанинин классикалык, джаз жана чыгыш музыкасын айкалыштырып, дүйнөлүк деңгээлге алып чыгып, «Ливандын маданий көрүнүшү үчүн жаңы терезелерди ачканын» баса белгиледи. "Зиад Ливанга ушунчалык кооздук жана урмат-сый алып келген Рахбани үй-бүлөсүнүн табигый уландысы болгон",-деп кошумчалады.
Тайманбас сынчы
Ата - энеси идеализм жана ностальгияга толгон Ливан музыкалык театрыныналтын доорун куруп жатканда, Рахбани сахнага сатира, саясий сын жана джаз таасирдүү болгон музыка менен чыкты. Бул чыгармалар Ливандын баш аламандыгын жана карама-каршылыктары менен ичиндеги согушту чагылдырган.
Анын 1974-жылы 17 жашында ойногон "Назл эл-Сурур" ("Бакыт мейманканасы") пьесасы таптык теңсиздик жана эзүү менен түзүлгөн коомду изилдеген. Бул тайманбас дебют менен Рахбани туруктуу теманы ачты: Ливан коому согуштан эле эмес, ошол эле учурда күч түзүмдөрүнөн да ажыраган.
“Беннесбех Лабокра Чоу?” (Эртең жөнүндө эмне айтууга болот?) аттуу чыгармасында жарандык согуштан кийин Бейрутта орундалбай калган кыялдар, коррупция жана абсурддук менен толгон көрүнүшкө жетеленген бир бар пианистти ойногон. Бул чыгарма Рахбанинин абдан таасирдүү музыкаларынан жана курч нализдеринин айрымдарын камтууда; булардын бири да белгилүү “Эртең дагы жакшы болот дешет бирок бүгүн эмне болот?”,- деген реплика эле.
Рахбани драматург гана эмес, композитор да болгон. Ал салттуу араб обондорун джаз, фанк жана классикалык таасирлер менен аралаштырып, заматта таанымал гибриддик үн жаратты.
Анын жандуу аткаруучусу легендарлуу эле; кааласа Бейруттун көп кырдуу району Хамрадагы түтүндүү клубдарда пианино чертсин, кааласа чоң масштабдагы спектаклдерде ойносун.
1970 - жылдардын акырлары жана 1980 - жылдарда Фейруз менен кызматташуулары, анын краьеринде караңгы жана саясий өңүттөгү бир мезгилди ачты. “Ouverture 83,” “Bala Wala Chi” (Эч нерсе жок), “Kifak Inta” (Сен кандайсың) сыяктуу ырлар Заиддин пессимисттик чыгармаларын жана лирикалык интроспекциясын чагылдырган.
Рахбани араб менен батыш маданияттарынын ортосундагы ажырымды музыка аркылуу жабууга аракет кылганы үчүн араб салтчылдары тарабынан сынга алынган.