Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган жума күнү, Израилдин чабуулдарынын натыйжасында күчөгөн зордук-зомбулуктун кесепеттери аймакка жана Европага миграция жана ядролук жарылуу ыктымалдуулугу жагынан зыян алып келиши мүмкүн экенин айтты.
Түркиянын Коммуникация башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, президент Эрдоган Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Иран менен ядролук талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү керектигин белгилеп, Израилдин Иранга кол салуусу менен башталган кагылышуу процессинин аймактык коопсуздукка коркунучту эң жогорку деңгээлге жеткиргенин билдирди.
Коммуникация башкармалыгы X платформасындагы билдирүүсүндө “Президентибиз, Израилдин чабуулдарынын натыйжасында күчөгөн зордук-зомбулуктун кесепеттери аймакка жана Европага миграция жана ядролук жарылуу ыктымалдуулугу жагынан зыян алып келиши мүмкүн экенин эскертти», – деди.
Президент Эрдоган Израилдин Иранга кол салуусу менен башталган кагылышуунун аймактык коопсуздукка коркунучту эң жогорку деңгээлге жеткиргенин айтты. Эки лидердин сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым – катнаштар жана аймактык темалар да талкууланды.