Кытай менен Тайвань тарыхты ар башкача түшүндүрүп, пикир келишпестиктерин күчөтүп жатышат. Бул Кытайдын Тайвань өкмөтүнүн аракеттерин «чагымчылдык» деп баалаганынан улам келип чыкты. Кытай Тайванды өзүнүн аймагы деп эсептеп, аны «басып алуу мүмкүн эмес, анткени ал буга чейин эле Кытайдын жери» деп билдирүүдө.
Кытай демократиялык башкаруудагы Тайванды өзүнүн бир бөлүгү деп эсептеп, акыркы беш жылда аскердик жана саясий басымды күчөттү. Тайвань президенти Лай Чин-теге Кытай өзгөчө сын көз карашта болуп, аны «бөлүнүүчүлүккө чакырган» деп атап келет.
Жекшембиден бери Лай өлкөнү «бириктирүү» темасында 10 сөз сүйлөөнүн алкагында эки жолу кайрылуу жасады. Ал Тайвань «албетте, өз алдынча өлкө» экенин жана Кытайдын аны талап кылууга тарыхый же юридикалык укугу жок экенин айтты.
Шаршемби күнү Бээжиндеги маалымат жыйынында Тайвань иштери боюнча кеңсенин өкүлү Жу Фэнлянь Лай жана анын администрациясынын «көз карандысыздыкка чакырган аракеттери» чечкиндүү жоопторго туш болорун билдирди.
«Тайвань кысыгындагы эки тарап толук бирикпесе да, эки тараптын эли бир Кытайга таандык экендиги жана алардын баары кытайлыктар экени тарыхый жана юридикалык чындык бойдон калууда», – деди ал.

Кытай-Тайвань тирешүүсү
Кытай менен Тайвандын ортосундагы чыңалуу, анын ичинде Кытайдын бир нече жолу өткөргөн аскердик машыгуулары, Бээжин бир күнү Тайванды күч менен басып алууга аракет кылышы мүмкүн деген коркунучту күчөтүүдө. Бул аймактык согушту тутандырышы ыктымал.
Кытайдын акыркы аскердик машыгуулары апрель айында өткөн. Тайвандын коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кытайдын аба күчтөрү жана деңиз флоту күн сайын Тайвань аймагында иш жүргүзүп, кээде ондогон согуштук учактарды колдонушат.
АКШнын Кытайдын машыгуулары тууралуу комментарийине жооп берген Фенглиан журналистке кайрылып: «Тайвань Кытайдын бир бөлүгү, бул жерде басып алуу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес», – деп айтты.
Лай Тайвандын статусу жана келечеги боюнча башкача көз карашта. Шейшемби күнү кечинде сүйлөгөн сөзүндө ал Тайвандын келечеги анын элинин демократиялык чечими менен гана аныкталаарын, эч бир партия же президент аны чече албасын билдирди. Ошондой эле, «Тайвандын көз карандысыздыгы» аралдын Кытай Эл Республикасынын бир бөлүгү эместигин билдирерин айтты.
1911-жылдагы революция менен акыркы император кулатылгандан кийин курулган жана жарандык согушта Мао Цзедундун коммунисттеринен жеңилип, 1949-жылы Тайванга баш калкалаган Кытай Республикасы аралдын расмий аталышы бойдон калууда.
Лай: «Кытай Республикасынын жашы канча? Ал 113 жашта, быйыл 114кө чыгат. Ал эми Кытай Эл Республикасы? Болгону 70 жылдай эле жашта, туурабы? Бул жөнөкөй жана түшүнүктүү», – деди.
Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгы дагы бир сезимтал тема болуп турат. Кытай сентябрь айынын башында Бээжинде өтө турган аскердик парадга Кытай Республикасы үчүн согушкан эски аскерлерди чакырды.
Тайвань алардын катышуусун каалабайт. Шаршемби күнү анын коргоо министри Веллингтон Ку Бээжин тарыхты бурмалоого аракет кылып жатканын айтты.
«Каршылык көрсөтүү согушун Кытай Республикасы жетектеп, жеңишке жеткен. Бул талашсыз чындык», – деди ал парламенттеги журналисттерге.
