Египеттин Туризм жана тарыхый экспонаттар министрлигинин маалыматына караганда, Пенсильвания университетинин египеттик-америкалык археологиялык тобу Египеттин түштүгүндөгү Абидос шаарында жайгашкан Жебел Анубис некрополунда Экинчи орто доорго таандык падышалык мүрзөнү табышты.
Ошондой эле министрлик, Египеттин Байыркы экспонаттар боюнча Жогорку кеңешинин археологиялык тобу болсо Сохаг облусуна караштуу Банауит айылында Рим дооруна таандык керамика устаканасын тапканын билдирди.
«Абидостогу падышалык мүрзөнүн ачылышы Жебел Анубис некрополундагы падышалык жерге коюу салттары боюнча жаңы илимий далилдерди берет», – деп айтылган билдирүүдө «Бул мүрзөлөр болжол менен биздин заманга чейин 1700-1600-жылдарга таандык» деп кошумчаланды.
Банауиттеги керамика устаканасы тууралуу болсо министрлик мунун байыркы замандарда аймакка керамика жана айнек жеткирүүчү эң ири өндүрүш борборлорунун бири болгонун баса белгиледи.
Министрлик бул ачылыштар Египеттин туризм ар түрдүүлүгүн өнүктүрүүгө жана анын байыркы цивилизациясын дүйнөгө таанытууга гана эмес, изилдөөчүлөр үчүн маанилүү маалыматтарды берүүгө да салым кошорун айтты.