CNN Arabic каналынын кабарына караганда АКШнын президенти Дональд Трамп келерки айда Жакынкы Чыгышка жасай турган сапарынын графигине Түркияны да кошууну пландап жатат.
Бейшемби күнү Ак үйдөн CNN каналына маек берген бир жетекчи жана бул план тууралуу маалыматы бар эки булактын билдиргенине караганда Трамптын ыктымалдуу бул сапары Сауд Арабия, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерине жасала турган сапарлардан кийин ишке ашырылат.
Маалымат булактары азырынча так чечимдин чыгарыла электигин жана кенен түрдө такталып жаткандыгын белгиледи.
Түркия менен карым - катнаштар жакшы
Ак үйдөн бир жогорку мартабалуу жетекчи CNN каналына берген билдирүүдө Трамптын бул ыктымалдуу сапарын Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен өткөргөн акыркы телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө карап чыккандарын айтты.
Маалымат булактарына караганда АКШнын президенти саякаты учурунда Израилге барууну пландаган эмес.
Ак үй Анадолу агенттигинин бул тууралуу маалымат берүү талабына жооп бере элек.
Трамп буга чейин Эрдоган менен карым - катнашы тууралуу оң ойлорун билдирген. Жуманын башында Ак үйдө Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяху менен бирге журналисттерге маек берген Трамп : «Түркия менен жана өлкөнүн лидери менен абдан жакшы карым - катнашым бар»,- деген.
Трамп Эрдоганды : «Катуу жана абдан акылдуу адам, эч кимдин аткарбаганын аткарды»,- деп мүнөздөп, бул сөздөрү менен Башар Асаддын Сириядагы бийлигинин акырына чыгышын «Түркиянын» ишке ашыргандыгын айткан билдирүүлөрүнө токтолду.
Эгерде бул сапар ишке аша турган болсо бул Трамптын президент катары Түркияга жасаган биринчи сапары болот.
Трамптан мурдагы президент Жрож Буш Түркияга 2004 - жылы сапар менен келсе Барак Обама 2009 – 2015 - жылдары келген.