ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Украинанын дрондорунун кол салуусу Россияда аба каттамдарын үзгүлтүккө учуратты
Украинанын 100дөн ашуун дрон менен Россияга карата жасаган кол салуулары Москвадагы Жеңиш күнүнө карата аземдин алдында бир нече шаарда аэропортторго таасирин тийгизип, айрым аймактарда электр үзгүлтүгүнө жана жараланууларга жол ачты.
Украинанын дрондорунун кол салуусу Россияда аба каттамдарын үзгүлтүккө учуратты
/ Reuters
6 Май 2025

Жетекчилердин шейшемби күнү берген билдирүүсүндө Украинанын түнү менен 100дөн ашуун дрон менен жасаган кол салуусунан кийин Россиядагы аэропортторуна, жол кыймылына чектөөлөр киргизилип, кол салуулардын Москвада уюштурула турган Экинчи дүйнөлүк согушунун жеңиш парадына бир канча күн калганда болгондугу белгиленди.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 105 учкучсуз учуучу аппарат Россияны бутага алган. Кол салуулар 9-майда президент Владимир Путиндин жетекчилиги астында Москвада өтө турган Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгын белгилөө аземинин алдында болду, аземге бир нече дүйнө лидерлеринин  катышуусу күтүлүүдө.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Telegram каналынпн билдирүү жасап, Москванын тегерегиндеги абадан коргонуу системалары 19 дронду атып түшүргөнүн, сыныктардын шаардын түштүгүндөгү негизги көчөгө түшкөнүн, бирок эч кимдин жаракат албагандыгын маалымдады.

Орус маалымат агенттиктеринин Федералдык аба транспорту агенттигине таянуу менен билдиргенине караганда, Москвадагы төрт аэропорт менен бирге ондон ашык аэропортто учууга чектөөлөрдұн киргизилгендигин билдирди. Бирок, шаардын негизги аэропорту болгон Шереметьеводогу учуу кыймылы таасирленген жок.  

Электр энергиянын толук өчүрүлүшү

 Орус маалымат каражаттары Москвада терезеси жарылган супермаркеттин жана карарып калган турак жай имаратынын сүрөттөрүн жарыялап, Волгоград жана Нижний Новгород сыяктуу башка шаарлардагы аэропорттордун да жабыркагандыгын билдирди.

Воронеж жана Пенза губернаторлору өз аймактарында 18 жана 10 украин дронуна бөгөт коюлгандыгын жана эч кандай адам өмүрүнүн кыйылбагандыгын билдиришти.

Курск облусунда  убактылуу губернатор Александр Хинштейн дүйшөмбү күнү кечинде Рыльск шаарындагы электр трансформатордук подстанцияга кол салуу болуп, эки өспүрүмдүн жаракат алганын билдирди. Губернатор Telegram аркылуу: "Шаардагы кол салуунун натыйжасында эки трансформатор жабыркап, электр жарыгы толугу менен өчүрүлдү" деп маалымдады.

Украинада Одесса облусунун губернатору Олег Кипер дүйшөмбүгө караган түнү аймакта бир орус дронунун кол салуусунда  бир кишинин каза болгондугун билдирди.

 

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us