Украина менен Венгрия Киевдин эки кишини Будапешт үчүн тыңчылык кылуу менен айыптап камакка алгандан кийин күч алган чыңалууда өз ара экиден дипломатты депортациялашты.
Акыркы жылдарда Киев менен Будапешттин ортосундагы карым - катнаштар курчуду. Венгриянын премьер - министри Виктор Орбан 2022 - жылы Украинага кол салган Москвага колдоо бергендигин билдирген жана Будапешт Киевдин Европа Биримдигине кошулуу аракеттерине тоскоол болгон.
Украинанын коопсуздук кызматы СБУ жума күнү берген билдирүүсүндө Венгриянын чек арасында батыштагы Закарпатия облусунда абадан коргонуу системалары жайгашкан жерлери тууралуу маалымат чогултуу менен айыпталган эки венгриялык тыңчыны кармагандыгын билдирди.
СБУ берген маалыматында: "Украинанын тарыхында биринчи жолу Коопсуздук кызматы мамлекетибизге зыян келтирүү максатында тыңчылык кылган венгриялык аскердик чалгындоо тармагын аныктады",- деп билдирди жана «эки агентти» камакка алынгандыгын кошумчалады.
СБУ шектүүлөрдүн 40 жаштагы эркек жана аял экендигин, экөөсү тең мурдагы аскердик кызматкерлер экенин жана алардын венгриялык чалгындоо кызматкери тарабынан багытталгандыгын белгиледи.
Эки кишинин тең өмүр боюу абак жазасына тартылышы мүмкүн экендигин да кошумчалады.
"Каралоо кампаниясы"
Венгрия «Украинанын Будапешттеги элчилигинде дипломатиялык кызмат деген атка жамынып иштеген эки тыңчыны» депортациялоо менен жооп кайтарды. Бул билдирүүнү Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто жасады.
Сиярто Украинанын териштирүүсүн «акыркы каралоо кампаниясы» деп мүнөздөдү.
Сийярто Facebook баракчасында жарыялаган видеосунда "Венгрияга каршы пропаганданын күчөшүн" сынга алып: «Венгрияга жана Украинадагы венгр элине каршы мындай каралоо кампанияларынын баштатылышына жол бербейбиз",- деди.
Украина буга жооп катары Венгриянын эки дипломатын өлкөдөн чыгарды.
Украинанын коопсуздук сервиси тыңчылык менен айыпталган кишинин бир венгер офицеринен накталай акча алгандыгын жана кеминде эки кишини тыңчы катары жалдоого аракет кылгандыгын билдирди.
Атайын кызматтын билдиргенине караганда агенттерге аскердик маалыматтарды чогултуу менен бирге жергиликтүү калктын социалдык-саясий көз караштарын, өзгөчө венгриялык аскердик бөлүктөр аймакка кирген учурда мүмкүн болуучу жүрүм-турум сценарийлерин" изилдөө милдети жүктөлгөн.
2001 - жылдагы акыркы расмий эл каттоого караганда Украинанын Закарпатия облусунда 150 миңге жакын этникалык венгр жашап жатат.