ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамптын командасы Израилди эскертти : "Согушту токтоткула болбосо колдоо токтотулушу мүмкүн"
Трампка жакын кишилердин Израилди согушту токтотпосо колдоону токтотуу туурадуу эскерткендиги, Нетаньяхунун согушту токтотуу эркин көрсөтпөгөндүгү билдирилди.
Трамптын командасы Израилди эскертти : "Согушту токтоткула болбосо колдоо токтотулушу мүмкүн"
Trump is said to have cut direct contact with Netanyahu, believing he is being manipulated. / Reuters
8 саат мурун

Washington Post АКШнын президенти Дональд Трампка жакын адамдар Израилдин расмий өкүлдөрүнө Газадагы согуш токтотулбаса, Америка Кошмо Штаттарынын колдоосунан ажырап калышы мүмкүн экенин эскертишти деп билдирди.

Дүйшөмбү күнү өткөн сүйлөшүүлөрдөн кабардар болгон булак гезитке Трамптын командасынын Израилге : “Согушту токтотпосоңор колдообуз алабыз”,- деген билдирүү бергендигин билдирди.

Ушул эле булактын айтымында, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун согушту токтотууга саясий мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок ал чечкиндүүлүктү көрсөтө албай жатат. Өзгөчө Нетаньяхунун Жакынкы Чыгышка болгон сапарында Израилге барбаган Трамптан да кысым көргөндүгү айтылды.

Нетаньяху буга чейин Израилдин эң жакын союздаштарынын «жапырт ачарчылык көрүнүштөрүнө чыдай албай тургандыгын» кабыл алып, чектүү болсо да жардамдарды кайрадан баштоого аргасыз болгон.

Булак Нетаньяхунун “Жекшемби күнү кечинде болгон министрлер кабинетинин жыйынында жардамды кайра баштоо чечимин техникалык маселе катары көрсөткөндүгүн” белгилген.

Талаштуу учурлар

АКШнын бул эскертүүсү Вашингтон менен Тель-Авивдин ортосундагы чыңалуунун күчөшүнөн кийин келди. Трамптын Нетаньяху менен түз байланыштарды токтоткону жана манипуляциялап жатканына ишенгендиги билдирилди.

Ошол эле учурда АКШнын вице-президенти Дж.Д.Вэнс менен Коргоо министри Пит Хегсет Израилге сапарын токтотуп же кийинкиге калтырышканы кабарланууда.

Ошол эле учурда, АКШнын вице-президенти Ж.Д. Вэнс жана коргоо министри Пит Хегсеттин Израилге болгон сапарларын токтоткону же кийинкиге калтыргандыгы белгиленди.

Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Виткофф да Израилди Газага гуманитардык жардамды кайра баштоого мажбурлоо үчүн аракет кылаарын билдирген.

Израиль Газадагы кыргындарында 53,500дөн ашуун палестиналыктарды, негизинен аялдар менен балдарды өлтүргөн.

Израиль Газанын бир топ бөлүгүн урандыга айландырды, дээрлик бүт калкты көчүрдү жана тамак-аш, суу, дары-дармек, электр энергиясы жана башка шашылыш гуманитардык жардамдардын агымына бөгөт койду.

Эл аралык кылмыш соту өткөн жылдын ноябрында Нетаньяху жана анын мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча камакка алуу ордерин чыгарган.

Ошондой эле, Израиль Газага каршы согушу үчүн Эл аралык Сотто геноцид иши менен бетме-бет келет.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us