САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Орусия менен Украинанын ортосунда жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө
Хакан Фидан Орусия-Украина согушундагы Түркиянын туруктуу тынчтык аракеттерин баса белгиледи.
Орусия менен Украинанын ортосунда жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө
Hakan Fidan / AA
4 Июнь 2025

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Орусия менен Украинанын ортосунда жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрү күтүлүп жатканын билдирди, анткени эки тарап тең диалогдун зарылдыгын барган сайын көбүрөөк түшүнүп жатышат.

Фидан шейшемби күнү TRT Haber телеканалына берген маегинде согуштун эми эки өлкөнүн ортосунда гана эмес, эл аралык актерлордун кийлигишүүсү менен глобалдык кагылышууга айланганына көңүл бурду.

Согушка каршы позициясын дагы бир жолу кайталаган Фидан жаңжалдын адамдык жана экономикалык кыйроосуна басым жасап, бир миллиондон ашуун адамдын каза болгонун же жаракат алганын, ири шаарлардын талкаланганын эске салды.

Фидан Анкаранын тынчтык аракеттерин, анын ичинде Кара деңиз дан демилгеси, 2022-жылдагы Стамбул сүйлөшүүлөрү жана бир нече туткун алмашууларды мисал катары айтты.

Трамп администрациясы учурунда ок атышууну токтотуу боюнча аракеттер ылдамдаганын белгилеген Фидан, Москва менен Киевге болгон жогорку деңгээлдеги сапарларын да эске салды.

Фидан 2-июндагы жолугушуу оң маанайда өткөнүн жана 1,000ден ашуун адамды камтыган жаңы туткун алмашуу боюнча макулдашууга жетишилгенин кошумчалады.

Түркиянын туруктуу тынчтыкты орнотуу аракеттери

Эки тараптын тең ок атышпоонун шарттарына байланыштуу документтерди тапшырганын маалымдаган тышкы иштер министри Хакан Фидан, тараптардын ыктымалдуу лидерлер саммити боюнча пикир алмашкандарын жана кийинки сүйлөшүүлөр үчүн кайрадан чогулуу боюнча макулдашышканын айтты.

“Учурдагы шарттарды жана согуштун психологиялык чөйрөсүн эске алганда, чындап эле жакшы деңгээлдеги жолугушуу болду. Эң негизгиси – сүйлөшүү үстөлүн таштап кетпөө жана ок атышууну токтотууга жана тынчтыкка берилгендикти сактоо болуп саналат. Бул биздин тараптарга берген кеңешибиз. Үстөл Түркияда же башка жерде болобу маанилүү эмес. Бирок бул достор бир үстөлдүн айланасында чогулуп, сүйлөшүүнү улантуулары керек,” – деди.

Фидан Түркиянын президенти Режеп Таййп Эрдогандын лидерлердин жолугушуусун өткөрүүгө даярдыгын баса белгилеп, Эрдогандын үч тарап тең ишенген жалгыз лидер экенин айтты.

Хакан Фидан: "Ачыгын айтканда, аталган үч лидер бир эле учурда билген, ишенген жана таянган башка ысым жок. Жолугушууну өткөрүүгө жер табылат бирок саясий лидер катары дүйнөлүк деңгээлде мындай позицияны көрсөткөн, жылдар бою катаал күрөш менен сыналган, чынчылдыгы, ишенимдүүлүгү жана өзү жетектеген мекемелердин кесипкөйлүгүнө ээ болгон башка лидер жок" деп кошумчалады.

Фидан ошондой эле уланып жаткан сүйлөшүүлөрдө жылыш боло турган болсо, орус жана украин лидерлеринин бетме-бет жолугушуусу сөзсүз болоорун айтты.

АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин убагында башталган Украинага жардамдын дагы деле уланып жатканын, бирок бир нече ай ичинде бүтүшү күтүлгөнүн билдирген Фидан, президент Дональд Трамптын чечимдеринин кагылышуунун агымын өзгөртө ала турганына көңүл бурду.

Сирияда терроризмге каршы күрөш

Хакан Фидан Түркия, Ирак, Сирия, Иордания жана Ливанды камтыган ДЕАШ террордук уюму менен күрөшүү үчүн жаңы түзүлгөн механизмге да токтолду.

Бир нече жума мурун Иордания жана Сириянын тышкы иштер министрлери Анкарада тосуп алынганын, анда аскердик жана чалгындоо делегациялары аркылуу чалгын жана операциялык борборду активдештирүү чечими кабыл алынганын билдирди.

“Иордания, Сирия жана Түркия мүчөлөрүнөн турган топтор азыр ДЕАШка каршы координациялык борборду активдештирди. Бул аймактык коопсуздук үчүн маанилүү кадам,” – деп кошумчалады.

Фидан Сирия өкмөтү менен Сирияда SDF (Сирия Демократиялык Күчтөрү) аты менен кыймыл кылган ПКК/ЙПГ террор уюмунун ортосунда 10-мартта кол коюлган Интеграция келишиминен кийин көзгө көрүнөрлүк жылыш болбогонун, бирок көшөгө артында маанилүү жагдайлар болуп жатканын айтты.

Ошондой эле АКШнын Сириядагы болушу, ал жердеги институционалдык өнүгүүлөр жана Түркиянын уланып жаткан аракеттери акырындык менен шайкеш келе баштаганын маалымдады.

“Дамаск, Анкара жана Вашингтондун ортосунда консенсусту мындан ары да орнотобуз жана Кудай кааласа бул балээден эч кандай көйгөйсүз чыгуунун жолун табабыз, ошого карай бара жатабыз”, - деп кошумчалады.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us