ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Украина Киев жана Одессага карата "катуу" дрон чабуулдарынын болгонун айтууда
Орус күчтөрүнүн Одессадагы төрөт үйүнө жасаган чабуулу бир адамдын өлүмүнө алып келди. Украина дагы көп санкция жан курал-жарак талап кылууда.
Украина Киев жана Одессага карата "катуу" дрон чабуулдарынын болгонун айтууда
Ukraine says 'massive' Russia drone attacks hit Kiev, Odesa / AP
бир күн мурун

Россия Киев жана Одесса шаарларына «чоң масштабдуу» дрон чабуулдарын жасады. Украиналык жетекчилер кол салууларда бир кишинин каза болгонун жана бир төрөт үйүнүн жабыркаганын белгилеп, дагы көп санкция салууга чакырышты.

Москва Украинаны бутага алган чабуулдарын улантууда, ал эми Украина Россиянын аймагынын ичине кирип, сокку уруу менен жооп кайтарууда.

Өткөн аптада жуманын акырында Стамбулда өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүндө туткундарды алмашуу боюнча макулдашуу түзүлдү, буга сүйлөшүүлөрдөгү маанилүү кадам катары каралса да согушту токтотуу боюнча азырынча келишим түзүлө элек.

Киевдин борборунда кеминде 12 жарылуу, зениттик аткылоо жана учкучсуз учуучу аппараттардын үндөрү угулду. Кол салууларда кеминде жети аймак бутага алынып, имараттар жана унаалар өрттөндү. Ошондой эле көптөгөн адамдын да жаракат алганы кабарланды.

Туткундарды алмашуу

Дүйшөмбү күнү Украина жана Россия 25 жашка чейинки туткундарды алмашуунун биринчи этабын ишке ашырышты, бирок канча аскердин алмаштырылганды тууралуу так маалымат берилген жок.

Туткун алмашууну ыраазычылык менен кабыл алган Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн аптада жасаган билдирүүсүндө учурдагы орус делегациясы менен мындан ары сүйлөшүүнүн “маанисиз” экендигин айтты. Зеленский буга чейин бул делегацияны “башы бош” деп мүнөздөп, ок атышпоо тууралуу келишимдин түзүлбөгөндүгүн айткан.

Жекшемби күнү орус армиясы Россиянын жарым-жартылай көзөмөлүндөгү Донецк жана Запорожье облустары менен чектешкен Украинанын Днепропетровск облусуна кол салганын билдирди. Бул үч жылдан ашык убакыттан бери уланып жаткан кагылышууларда биринчи жолу катталды.

Россия кагылышууну токтотуу шарты катары Украинанын Москва аннексиялаган жерлерден жана НАТОго кошулуудан баш тартуусун талап кылууда. Өзгөчө Киев жана Европа Биримдиги талап кылган 30 күндүк шартсыз ок атышууну четке кагып, мунун Украина күчтөрүнүн Батыштан келген куралдары менен кайрадан куралдануусуна мүмкүнчүлүк берерин жактады.

Украина болсо Россиянын бардык аскерлерин өз аймагынан чыгарып кетүүнү жана Батыштан коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда. Москванын койгон талаптарын «ультиматум» деп мүнөздөөдө.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us