ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Нью- Жерсиде болгон селде эки адам каза болуп транспорттун жүрүшүндө үзгүлтүктөр болду
Нью - Жерсиде болгон сел апаатында эки адам каза болду. Катуу бороон болгон Нью - Йорк сити аймагында унаалар суу астында калды жана метро станцияларын суу басты. .
Нью- Жерсиде болгон селде эки адам каза болуп  транспорттун жүрүшүндө үзгүлтүктөр болду
/ AA
9 саат мурун

Нью-Жерси штатында сел эки адамдын өмүрүн алды. Катуу бороон-чапкындан жапа чеккен Нью-Йоркто унаалар суу астында калып, метро станцияларын суу каптады.

Шейшембиде нөшөрлөп жааган жамгыр аймактагы аэропорттордун, автожолдордун жана темир жол каттамдарынын ишин үзгүлтүккө учуратты.

Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамс билдиргендей, Манхэттендеги Борбордук паркта бир сааттын ичинде 5 сантиметрден ашык жаан жаады. Бул көрсөткүч, жаан-чачындын көлөмүн эсептей баштагандан берки бир сааттык аралыкта катталган экинчи эң жогорку көрсөткүч болду.

Жарыяланган сүрөттөрдө Манхэттендин батыш тарабындагы бир метро станциясы менен бирге дүйшөмбү күнү кечинде көп сандаган метро  станциясынын суу астында калганы көрүнүүдө.

Жетекчилер метро системасы кыска мөөнөттө жааган катуу жаандан улам иштебе калганын билдиришти.

Нью  -  Йорк экологияны коргоо мекемесинин комиссары Рохит Аггарвала шаардын эскирип калган канализация системасынын саатына  4,44 сантиметр жамгырды көтөрө алганын бирок бороон учурунда жамгырдын көлөмү саатына 10 сантиметрге жеткенин билдирди.

Мэр Адамс мынчалык жаан-чачынды мурда көрбөгөнүн билдирди. Нью- Жерси штатынын губернатору Фил Мерфи штатта өзгөчө кырдаал жарыялап, Плейнфилдде унааларын суу агызып кеткен эки кишинин каза болгонун жарыялады. Жабырлануучулар суу астында калган унаадан табылган.

Кээ бир аймактарда 2,5 сааттан аз убакытта 15,25 сантиметр жамгыр жааса, кээ бир жерлерде биринчи жолу сел болгондугу билдирилди.

 

 

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us