ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Перуда мурдагы президент Хумала жана жубайы арам акча адалдоо кылмышынан 15 жылга эркинен ажыратылды
Хумала жана Эредия териштирүүсү Одеберехттин Латын Америкада кенен жайылган парабергендигин моюнга алышынан бир жыл мурун 2025 - жылы башталган.
Перуда мурдагы президент Хумала жана жубайы арам акча адалдоо кылмышынан 15 жылга эркинен ажыратылды
Humala becomes the third former Peruvian president in two decades to be imprisoned over the Odebrecht scandal. / Photo: Reuters
16 Апрель 2025

Перуда бир сот мурдагы мамлекет башчысы Олланта Хумала жана жубайы Надин Эредия арам акча адалдаганы үчүн 15 жылга эркинен ажыратты. Бул чечим жергиликтүү медиа тарабынан шейшемби күнү билдирилди.

Улуттук жогорку мартабалуу соттор Хумала жана Эредиянын бразииялык курулуш компаниясы Одебрехт  жана Венесуэла өкмөтүнөн 2006 – 2011 – жылдардагы үгүт иштерин каржылоо үчүн  3 миллион долларлык мыйзамсыз багыш алгандыгын аныктады.

Эредия эки шайлоодо тең Хумаланын кампаниясын башкарган.

Сот Найко Коронадо мыйзамсыз булактардан  алынган акчанын адалданышына карата түрдүү аракеттердин далилденгендигин белгилеп жуптун дароо камалуусуна буйрук берди.

Чечимден кийин Эредия Лимадагы Бразилия элчилигинен саясий башпаанек талап кылды. Перунун тышкы иштер министрлиги 1954 -  жылдагы Дипломатиялык башпаанек боюнча конвенцияга ылайык расмий түрдө берилгендигин ырастады.

Эредиянын бир тууганы Илан Эредия да ошол эле доодо  12 жылга эркинен ажыратылды.

Жетекчилер Хумаланын жазасын Лимадагы Барбадильо түрмөсүндө тартарын ырастады. Бул түрмөдө мурдагы бир канча мамлекет башчылары да бар.

Одобрехт коррупция чыр  - чатагынын негизинде  20 жыл эркинен ажыратылган Олланта Хумала акыркы 20 жылда ушул себептен түрмөгө отурган Перунун мурдагы үчүнчү  президенти болду. Ушул эле иш боюнча мурдагы мамлекет башчы Алехандро Толедо  азыр да жазасын тартууда ал эми Альберто Фухимори болсо бир нече жолу соттолуу менен азыр да абакта.  

Хумала менен Эредия тууралуу териштирүү Одебрехттин Латын Америкада кеңири жайылган паракорчулугун коомчулукта моюнга алуусунан  бир жыл мурда  2015 -  жылы башталган.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us