Израилдин аба күчтөрүнүн Газа шаары жана Газанын түндүгүндөгү Жабалияда жер которгондор баш калкалаган мектеп менен үйдү бутага алган эки соккусунан кеминде 52 палестиналык каза болду.
Анадолу агенттиги дүйшөмбү күнү байланышкан медициналык булак Газа шаарынын Аль -Дараж районунда жер которгон адамдар үчүн баш калкалоочу жай болгон Фахми аль-Жиржави мектебине Израилдин абадан сокку уруусунан каза болгондордун саны 33кө жеткенин билдирди.
Аль-Акса ТВ жана башка жергиликтүү булактар бомбалоодон кийин чатырлардын өрттөнгөндүгүн билдиришти.
Интернетте тараган күбөлөр тарткан видеолордо көпчүлүгү балдар болгон күйгөн денелер жана айлананы курчаган оттун ичинде кыйкырып жаткан адамдар көрүнүүдө.
Аймактан берилген бир кабарда “күйгөн адам сөөктөрү жана оттун ичинде калган жер которгон адамдардын кыйкырыктары окуя болгон жерден угулду жана көрүндү” деп айтылды.
Ошол эле учурда дагы бир аба соккусунда, Израилдин аба күчтөрү Газанын түндүгүндөгү Жебалия шаарындагы үйгө жасалган кол салууда 19 адам каза болуп, көптөгөн адам жаракат алды.
Окуяга күбө болгондордун Анадолу агенттигине берген билдирүүдө Израилдин аба соккусунан ондогон качкындар жашаган көп кабаттуу имарат талкаланган.
Израиль армиясы эл аралык ок атышууну токтотуу чакырыктарын четке кагып, 2023-жылдын октябрынан бери Газада катуу кол салууларды улантып, көпчүлүгү аялдар менен балдардан турган 53900дөн ашуун палестиналыкты өлтүрдү.
Өткөн жылдын ноябрында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштарынан улам камакка алуу ордерин чыгарган.
Израиль өзгөчө Газадагы согушу үчүн Эл аралык сотто геноцид иши боюнча жоопко тартылууда.