Лондондогу Хитроу аэропорту электр станциясында чыккан өрттөн улам жабылгандан 1 күн өткөндөн кийин, ишемби күнү толук кызмат кыла баштады. Европанын эл эң көп болгон аэропорту болгон Хитроунун жабылышы дүйнөлүк саякатта чоң тоскоолдук жаратты.
Авиация сектору аэропортту тейлеген электр станциясында чыккан чоң өрттөн кийин жүргүнчүлөрдү багыттоо жана учуу графигин өзгөртүү боюнча аракетке өттү.
Жума күнү айрым каттамдар кайрадан башталганына карабастан, дүйнөнүн эң чоң бешинчи аэропортунун күндүн көпчүлүк бөлүгүндө жабык болушу он миңдеген жүргүнчүнүн мейманканадан орундук жана башка учуу мүмкүнчүлүктөрүн издөөсүнө себеп болду. Авиакомпания учактарын жана экипаждарын базаларына кайтарууга аракет кылып чоң бир логистикалык кризис болду.
Хитроу өкүлү берген билдирүүдө командалар аба майданында үзгүлтүктөн таасирленге жүргүнчүлөргө колдоо көрсөтүү үчүн иштеп жаткандыгы белгиленди.
«Аэропортубуздун терминалына жүздөгөн кошумча кызматкерди жайгаштырдык жана бүгүн үчүн пландалган каттамдарга 10 000 жүргүнчүнүн саякатка чыгышы үчүн кошумча каттамдарды коштук»,- деди.
Жоопкерчилик талаш - тартышы
Авиация тармагы миллиондогон фунт сарпталышы күтүлүп жаткан бул үзгүлтүктөн кийин мындай чоң инфраструктура эмне себептен резервдик системасыз иштеп жатат деген суроону койду.
Эл аралык аба транспорту биримдигинин төрагасы жана British Airways компаниясынын мурдагы башкы директору: "Бул аэропорттун ачык пландоо катасы",- деп абалды сынга алды.
Аэропорт жума күнү жалпысынан 1,351 каттамды жана 291,000ге жакын жүргүнчүнү тейлөөнү пландаштырган. Бирок учактар Британия жана Европадагы башка аэропортторго багытталып, ал эми көптөгөн алыскы каттамдар учуп кетүүчү пункттарына кайтып келүүгө аргасыз болушту.
Өрттөн кийин териштирүү иштери уланууда
Хитроу компаниясынын башкы директору Томас Волдбай аэропорттун ишемби күнү толугу менен иштей тургандыгын белгиледи. Финансылык жоопкерчиликти кимдин аларына байланыштуу суроого : «Мындай окуялар үчүн белгилүү процедуралар бар бирок мындай абалдар үчүн конкреттүү милдеттенмелер жок»,- деп жооп берди.
Британиянын транспорт министрлиги тыгынды азайтуу максатында түнкү каттамдарга коюлган чектөөлөрдү убактылуу жойду. Бирок British Airways компаниясынын аткаруучу директору Шон Дойлдун айтымында, жабылуу жакынкы күндөрү учкан бардык кардарларга "чоң таасирин тийгизет".
Virgin Atlantic ишемби күнү "дээрлик толук кубаттуулукта" каттамдарды ишке ашырууну пландаштырып жаткандыгын бирок кырдаалдын динамикалуу экендигин жана бардык каттамдардын тынымсыз текшерилип тураарын айтты.
JetBlue, American Airlines, Air Canada, Air India, Delta Air Lines, Qantas, United Airlines, British Airways жана Virgin Atlantic сыяктуу авиакомпанияларга таандык каттамдар жабылуудан улам багыттандырылды же учуу пункттарына кайтып келүүгө аргасыз болду. Бул процессте көптөгөн авиакомпаниялардын акцияларынын наркында төмөндөө болду.
Авиация адистери Европанын аэропортторунда акыркы жолу 2010-жылы Исландияда вулкандык күл булуттарынан улам ушундай чоңдуктагы үзгүлтүккө учурагандыгын билдиришти.
Жетекчилердин айтымында, Европага чукул конууга аргасыз болгон айрым жүргүнчүлөр керектүү документтери жок болсо, аэропорттун транзиттик залдарында күтүүгө аргасыз болушу мүмкүн. Хитроунун тегерегиндеги мейманканалардагы баалар көтөрүлдү жана брондоо сайттарында бөлмөлөрдүн болжол менен 645 долларга сатылып жатканын көрсөттү - бул кадимки көрсөткүчтөн беш эсе көп.
Полиция алдын ала иликтөөлөрдүн натыйжасында өрткө байланыштуу шектүү жагдайларды аныктабаганын, бирок тергөөнүн уланып жатканын билдирди. Лондондун өрт өчүрүү кызматы болсо иликтөөлөрүнүн энергия бөлүштүрүүчү жабдууларга басым жасай турганын жарыялады.
Акыркы жылдарда Хитроу жана Лондондогу башка чоң аэропорттор автоматтык каалга системаларындагы мүчүлүштүктөр менен аба кыймылын башкаруу системасындагы кыйроолор да болгон түрдүү техникалык кемчиликтерге учураган. Акыркы жолу 2023-жылы болгон бул окуялар авиакомпания тармагында олуттуу үзгүлтүктөргө себеп болгон.