Сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан Оман Иран менен АКШнын ортосундагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы жума күнү Римде өтө турганын жарыялады.
“Иран-АКШ сүйлөшүүлөрүнүн 5-айлампасы ушул жума, 23-майда Римде өтөт”, – деп Омандын тышкы иштер министри Бадр Аль Бусаиди шаршемби күнү X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө жазды.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги да АКШ менен кыйыр өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы жума күнү Римде өтөрүн тастыктады.
Министрликтин өкүлү Эсмаил Бекай шаршемби күнкү билдирүүсүндө, Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы жума күнү өткөрүлө турганын жарыялап, бир нече күндөн бери уланып жаткан божомолдорго чекит койду.
Бекай эки тараптын ортосунда ортомчулук кылган Омандын сунуш киргизгенин жана Тегерандын аны кабыл алганын айтты.
Шек саноолор
Сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы 11-майда Омандын борбору Маскатта өткөн.
Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи шейшемби күнү, сүйлөшүүлөрдүн «маанилүү жыйынтыкка» алып келерине ишенбей турганын айтты.
Ошондой эле Хаменеи АКШнын расмий өкүлдөрүнүн Ирандын уран байытуу программасын токтотуу талабын «акылга сыйбас» деп сыпаттап четке какты.
Уран байытуу маселеси сүйлөшүүлөрдөгү негизги талаштуу тема болуп калды. Жекшемби күнү тышкы иштер министри Аббас Арагчи Ирандын уран байытуу программасы «келишим түзүлсө да түзүлбөсө да» уланарын баса белгиледи.