Иран жума күнү Римде Британия, Франция жана Германия менен ядролук сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи шаршемби күнү билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн максаты – Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы ядролук сүйлөшүүлөр учурунда чыңалган мамилелерди жакшыртуу.
Бул жыйын дем алыш күндөрү Италияда өтө турган Иран менен АКШнын ортосундагы төртүнчү ядролук сүйлөшүүлөрдүн алдында болот. “Менин оюмча, үч европалык өлкө (ядролук маселе боюнча) туура эмес саясат жүргүзгөндүктөн өз ролун жоготту. Албетте биз муну каалабайбыз жана Римде алар менен сүйлөшүүгө даярбыз”, – деди Арагчи мамлекеттик маалымат каражаттарына.
Дүйшөмбү күнү Reuters агенттиги Иран Европанын үч өлкөсү менен жолугушууну сунуштаганын кабарлады. Бул өлкөлөрдү E3 деп аташат жана алар Ирандын 2015-жылдагы ядролук келишимине катышкан тараптар болуп саналат. АКШнын президенти Дональд Трамп бул келишимден 2018-жылы чыгып кеткен. Е3 өлкөлөрүнүн саясий өкүлдөрү жума күнү Иран менен жолугаарын ырасташты. Трамп Иран жаңы ядролук келишимге макул болбосо, ага каршы чабуул жасай турганын эскерткен. АКШ келишимден чыккандан кийин Иран 2015-жылдагы келишимдин чектөөлөрүнөн кыйла ашып кеткен, ал эми Европа өлкөлөрү Вашингтондун Тегеран атом бомбасын жасап чыгарышы мүмкүн деген тынчсыздануусун бөлүшөт.
Иран өзүнүн программасы тынчтык максатында экенин айтууда. 2015-жылдагы келишимди бекиткен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясынын мөөнөтү октябрда аяктайт. Шейшемби күнү Франциянын тышкы иштер министри сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, эл аралык санкцияларды кайра киргизүүдөн тартынбай турганын билдирди.
“Бул санкциялар Ирандын технологияга, инвестицияларга жана Европа рыногуна жетүүсүн түбөлүккө жаап, өлкөнүн экономикасына кыйратуучу таасир тийгизет”, – деди Жан-Ноэль Барро. Ирандын БУУдагы өкүлү болсо мындай деп жооп кайтарды: “Эгер Франция жана анын өнөктөштөрү чындап эле дипломатиялык жол менен чечүүнү көздөшсө, алар бизди коркутууну токтотушу керек”.
Шейшемби күнү АКШнын Каржы министрлиги, Ирандын Ислам революциялык гвардия корпусу үчүн баллистикалык ракеталардын күйүүчү майынын компоненттерин камсыздаган деп айыпталган Иран менен Кытайда жайгашкан фирмалардын тобуна жаңы санкцияларды киргизди. Арагчи сүйлөшүүлөр учурунда АКШнын санкциялары “туура эмес белги” берип жатканын айтты. Трамп Ирандын ядролук бомба жасоого жол бербеген жаңы келишим түзө аларына ишенгенин билдирди.