Индия армиясы жума күнү эртең менен батыш чек арасында Пакистандын өзүнүн пилотсуз аппараттары жана башка ок-дарыларды колдонуу менен бир нече жолу чабуул жасаганын билдирди.
Армия чабуул бейшембиден жумага караган түнү болгонун жана Пакистан аскерлери Индия башкарган Кашмирдеги чек ара сызыгында ок атышпоо режимин бир нече жолу бузганын кабарлады.
Чек ара сызыгы — бул эки атаандаш өлкөнүн ортосундагы талаштуу Гималай аймагын бөлүп турган иш жүзүндө чек ара.
Пакистан армиясы бул айыптоолорду четке кагып, Индиянын “ойдон чыгарып жатканын” айтты.
“Индия Пакистан бир нече жерден чабуул жасады деп айтып жатат; бул жөн гана фантастикалык жомок, муну укканда күлкүң келет,” — деди Пакистан армиясынын өкүлү.
“Алар 18-кылымда жашап жатабы же 21-кылымдабы, анткени ар бир ок-дары санариптик из жана белгилерди калтырат,” — деп кошумчалады.
Кашмир
Пакистан башкарган Кашмирде полиция өкүлдөрүнүн айтымында, өзөктүк куралы бар кошуналардын бир нече күн бою өз ара кол салууларынан кийин Индиянын артиллериялык соккусунан кечээ түнү беш жайкын тургун набыт болду.
“Индиялык күчтөр карапайым тургундар жашаган аймактарды аткылап, анын кесепетинен беш адам каза болуп, он эки адам жаракат алды,” — деди Котли районундагы полиция кызматкери Адеел Хан AFP агенттигине. Бомбалоонун түнгө чейин уланганын кошумчалады.
Бул өлүмдөр Музаффарабаддагы жогорку мамлекеттик кызматкер тарабынан да тастыкталды.
“Жооп катары Пакистан армиясы Чек ара сызыгынын (LoC) аркы тарабындагы үч индиялык постту бутага алган күчтүү каршы чабуул жасады”.
Индия башкарган Кашмирде Чек ара сызыгы аймагында кеминде 16 адамдын каза болгонун расмий өкүлдөр билдиришти.
Индия түндүк аймагындагы 27 аэропортту 10-майга чейин жапканын мамлекеттик телеканал DD News маалымдады.
Ошондой эле, 430го жакын жарандык учак каттамдары токтотулганын кошумчалады.
Индия шейшемби күнү кечинде “Синдур операциясы” деп аталган операцияны жарыялап, Пакистандагы тогуз жерге сокку урганын билдиргенден кийин бул жумада Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу күчөдү.
Пакистан армиясы Индиянын ракета чабуулдары жана чек ара атышууларынын натыйжасында Пакистан башкарган Кашмирде 31 адамдын каза болгонун билдирди.