ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Түркиянын Ф - 35 программасына кайрадан кошулуу үчүн АКШ менен сүйлөшкөнүн айтты
Түркиянын президенти өнөктөштөр менен чыгарылган учак маселесинин Трамп менен өткөрүлгөн сүйлөшүү учурунда күн тартибине келгенин белгиледи.
Эрдоган Түркиянын Ф - 35 программасына кайрадан кошулуу үчүн АКШ менен сүйлөшкөнүн айтты
/ AA
5 саат мурун

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган бейшемби күнү жүздөгөн миллион долларлык салым кошкон Анкара "адилетсиз түрдө" чыгарылган Ф-35 реактивдик программасына кайра кошулууну көздөп жатканын айтты.

“Ф - 35тен баш тарткан жокпуз”,- деген Эрдоган НАТО саммитинен кайтуусунда журналисттерге маалымат берип : “Долбоорго кайтып келүү тууралуу ниетибизди талкуулап жатабыз. Түркия адилетсиз түрдө программадан чыгарылган”,- деди.

Түркия көп максаттуу бул учактын чыгарылышында АКШ менен кызматташуу түзгөн сегиз өлкөнүн бири эле. Эрдоган : “Ф - 35 программасы техникалык болгондой эле саясий бир процесс. (Түркиянын программадан чыгарылышы) Өнөктөштүк рухуна дал келбеген бул кадамды дайыма сындап келдик. Урматтуу Трамп менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө бул маселени карап чыкты. Техникалык деңгээлде сүйлөшүүлөр башталды. Алдыга жылышынан үмүттүүбүз”,- деди.

Түркия Россиядан С-400 абадан коргонуу системасын сатып алгандан кийин программадан чыгарылган. Бирок Эрдоган орус абадан коргонуу системасынын маанисин кемсинтүү менен С - 400дүн Трамп менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө күн тартибине келбегендигин белгилеп:"Бул (С-400) жабылган маселе",- деди.

«Абадан коргонуу системасы С-400 менен эле бүтпөйт. «Болот куполубузду» куруп жатабыз»,-деген Эрдоган, Анкаранын SİPER, HİSAR, SUNGUR жана улуттук аскердик учак КААН сыяктуу жергиликтүү ракетадан коргонуу долбоорлорун камтыган «системалар системасын» түзүп жатканын айтты.

НАТО саммитинин жыйынтыктары

Эрдоган НАТОнун алдыдагы он жылдын ичинде коргонуу чыгымдарын ИДПнын 5 пайызына чейин көбөйтүү милдеттенмесин баса белгилеп, Түркиянын бул максатка эң жакын өлкөлөрдүн бири экенин айтты.

Өзгөчө коргонуу өнөр жай тармагындагы кызматташтык тармагындагы чектөөлөрдү жоюнун маанисине көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган 2026 - жылы НАТО лидерлер саммитин Түркияда өткөрүлөрүн да ырастады.

Украина–Россия тынчтык сүйлөшүүлөрү

Эрдоган Түркиянын Украина-Россия тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү ортомчулук ролуна берилгендигин билдирип, Стамбул процессин кайра жандандыруу убадасын кайталап, үчүнчү тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүүгө даяр экендигин айтты. "Баары тынчтыктан баш тартса да, биз баш тартпайбыз", - деген Эрдоган, Киев менен Москванын Түркиянын ортомчулугуна ишеним артууну улантып жатканын айтты.

Эрдоган саммит учурунда Трамп менен эки тараптуу жолугушууда Трамп мындай саммитти колдой турганын билдиргенин да кошумчалады.

Эрдоган Трамптын өзүнө: "Эгерде чечүү үчүн Россиянын президенти Владимир Путин Стамбулга же Анкарага келе турган болсо мен дагы Стамбулга же Анкарага келемин",- дегенин айтты.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us