Израилдин коргоо министри Исраэль Кац эки өлкөнүн ортосунда кайрадан кагылышуунун чыгышы мүмкүн экенин эскертип, Ирандын өзөктүк жана ракеталык программаларын кайра куруусуна бөгөт коюу керектигин белгиледи.
«Маарив» гезитинин маалыматына караганда, Кац башкы штабдын төрагасы Эйал Замир жана жогорку даражалуу командирлер менен коопсуздук боюнча баа берип:«Иран менен согуш кайра башталышы мүмкүн»,- деди.
Ошондой эле: "Ирандын өзөктүк жана ракеталык долбоорлоруна кайтып келишине тоскоол боло турган планды иштеп чыгуу абдан маанилүү",- деп билдирди.
Кац Израилдин аймактагы башка агрессияларына да токтолуп: «Газа жана Йемен болгон эки ачык фронт бар жана булар Иран, Ливан жана Сириядагыдай чечкиндүү чабуул саясаты менен чечилиши керек»,- деди.
Бул билдирүүлөр июнь айында Израиль менен Ирандын ортосундагы кыска, бирок катуу кагылышуулардан кийин болду.
13-июнда Израиль АКШнын колдоосу менен Иранга каршы 12 күндүк себепсиз чабуулун баштаган. Аскердик объектилер, өзөктүк объектилер, жарандар, жогорку даражалуу офицерлер жана окумуштуулар Израилдин бутасына алынган.
Иран Израилдин аскердик жана чалгындоо мекемелерин бутага алган ракета жана дрондор менен жооп берди.
23-июнда АКШнын ортомчулугу менен эки өлкөнүн ортосунда ок атышпоо жарыяланды.