Шаршемби күнү Бангладештин түштүгүндөгү Гопалгандж районунда чыккан кагылышуулардан кеминде үч адам каза болду. Бул аймак мурдагы премьер-министр Шейх Хасинанын туулган жери жана анын Авами Лиг партиясынын таяныч пункту болуп саналат.
Prothom Alo гезити жана bdnews24 маалымдагандай, Гопалганж мамлекеттик ооруканасынын башкы дарыгери Жибитеш Бисвас ооруканага үч сөөктүн жеткирилгенин билдирди.
Кагылышуулардан кийин убактылуу өкмөт аймакта бейшемби күнү кечке чейин коменданттык саат киргизди. Бирок бийлик каза болгондор тууралуу расмий маалымат берген жок.
Түштүк Азия өлкөсү өткөн жылы Хасина өкмөтүнүн кулашына алып келген июль көтөрүлүшүнүн жылдыгын белгилеп, улуттук "аза күтүү күнүн" өткөрүп жатат.
Жаңы түзүлгөн Улуттук Жарандык Партия (NCP), көтөрүлүштү баштаган студент лидерлери менен бирге, Гопалганджда эскерүү иш-чараларынын алкагында митингге катышты.
Учурда Индияда жүргөн Хасина адамзатка каршы кылмыштар боюнча айыпталып, өкмөттүк нааразычылык акцияларына каршы репрессияларды буйрук кылган деп күнөөлөнүүдө. Бул репрессиялардан 1400дөн ашуун адам каза болгон.
Мухаммад Юнус жетектеген убактылуу өкмөт зомбулукка катышкандарга чара көрүлөрүн боюнча эскертти.
Юнустун кеңсеси :"Зомбулукту колдонуу актоо мүмкүн эмес", - деген бидирүү жарыялап :"Кылмышкерлер тез арада аныкталып, толук жоопкерчиликке тартылышы керек. Бангладештин жарандарына каршы мындай зомбулукка орун жок”,- деди.
Жетекчилер тартипти калыбына келтирүү үчүн аймакка кошумча полиция, армия бөлүктөрүн жана чек ара күзөтчүлөрүн жайгаштырды. Жергиликтүү администрация коомчулукка ачык жыйындарга тыюу салган полиция кодексинин 144- беренесин ишке киргизди.
Мындан тышкары, шайлоо комиссиясы Авами Лигасынын шайлоо символун өзүнүн веб-сайтынан алып салды.
Буга чейин Хасина да болгон партия лидерлеринин бардык сот иштери акырына чыкканга чейин Авами лигасынын бардык иш - чаралары токтотулган.