Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) АКШга барууну пландаган эл аралык журналисттер үчүн коопсуздук эскертүүсүн жарыялады. Эскертүү АКШнын иммиграция саясатында күтүлүп жаткан өзгөрүүлөргө байланыштуу кирүү чектөөлөрү, түзмөктөрдү издөө жана узакка созулган сурактар сыяктуу ыктымалдуулуктарга көңүл бурууда.
Бул эскертүү АКШнын маалымат каражаттары Трамптын администрациясы Иран, Орусия, Венесуэла, Сирия жана кээ бир Африка өлкөлөрү сыяктуу 40тан ашык өлкөнү камтыган жаңы саякатка тыюу салуу долбоорунун үстүндө иштеп жатканы тууралуу кабарлагандан кийин жарыяланды.
“Өзгөчө тыюу салынган өлкөлөр менен байланышы бар же курч маселелерди чагылдырган журналисттер "ыктымалдуу чектөөлөргө же суракка даяр болушу керек" деди CPJ.
Мекеме чет элдик медиа кызматкерлери чек арадагы текшерүүлөрдөн бошотулбай турганын баса белгилеп, АКШнын Бажы жана чек араны коргоо кызматынын (CBP) күчөтүлгөн көзөмөлүнө даярданууну сунуштады.
Айтылган тобокелдиктердин арасында саясий көз караштар боюнча суроолор, электрондук түзмөктөрдү, анын ичинде сырсөздөрдү жана социалдык медиа маалыматтарын конфискациялоо же текшерүү, ошондой эле жарандыгы жок журналисттердин өлкөгө кирүүсүнө бөгөт коюу бар.
Журналисттерди коргоо комитети, чектелген өлкөлөрдөн келген кош жарандыгы бар журналисттер кошумча кыйынчылыктарга, анын ичинде күчөтүлгөн текшерүүлөргө жана кирүүгө тыюу салууга туш болушу мүмкүн экенин билдирди.
CPJ саякатка тыюу салуу долбоору киргизилгенден бери түздөн-түз жабыр тарткан журналисттер тууралуу маалыматы жок экенин айтканы менен, бардык журналисттерди саякатка чейин тобокелдиктерди баалоого, түзмөктөрдө сакталган купуя маалыматты чектөөгө жана чек арадагы мыйзамдуу укуктарын билүүгө чакырды.