ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШнын өкүлү WSJ гезитине Израилдин алдын алуучу ракета кыйынчылыгын жашап жаткандыгын билдирди
Пентагон июнь айынан бери аймакта ракеталык коргонуусун арттырды жана эми АКШнын Израилге карата кийлигишүү ракеталарынын запасы түгөнүп бараткандыгынан улам тынчсыздануу күчөп жатат.
АКШнын өкүлү WSJ гезитине Израилдин  алдын алуучу ракета кыйынчылыгын жашап жаткандыгын билдирди
/ Reuters
10 саат мурун

АКШнын расмий өкүлү учурдагы кагылышуу улантыла турган болсо Израилдин Ирандан келиши мүмкүн болгон алыс аралыкка атуучу баллистикалык ракеталарына каршы коргонуу куралы болгон Arrow ракета запасынын азайып бара жаткандыгын айтты.

Июнь айында жаңжал күчөгөндөн бери Пентагон аймакка кошумча ракета коргоо системаларын жайгаштырган, бирок АКШнын тосмо каражаттарынын тез түгөнүп жатканына тынчсыздануулар күчөп жатат деп АКШнын расмий өкүлү Wall Street Journal гезитине шаршемби күнү билдирди.

Вашингтон коргонуу системаларына болгон кысымды билет жана Израилдин коргонуусун кургактыктан, деңизден жана абадан бекемдеп жатат.

Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун Ракета коргоо долбоорунун директору Том Карако, WSJ гезитине берген билдирүүсүндө: “АКШ да израилдиктер да бүтүн күн отуруп ракеталарды тосо алышпайт”,- деди.

Arrow тосмолорун чыгаруучу Израиль Аэрокосмос өнөр жайы бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Израиль армиясы ар кандай сценарийге даяр экендиигн айтты.

“Тилекке каршы, ок-дарыга байланыштуу маселелер боюнча комментарий бере албайбыз,” – деп билдирди Израиль армиясы.

Ирандын ракеталык мүмкүнчүлүктөрү

Израиль Ирандын өз аймагындагы стратегиялык жана өзөктүк активдерине тикелей чабуул жасай баштагандан кийин, Тегеран ракета өндүрүшүн кайра баштады.

АКШнын коргоо министри Пит Хегсеттин мурдагы улук кеңешчиси Дэн Колдуэллдин эсеби боюнча, Ирандын Израилди бутага ала турган 2 миңге жакын ракетасы бар.

АКШнын Коргоо катчысы Пит Хегсеттин мурдагы кеңешчиси Дэн Колдуэлл Ирандын Израилди бутага ала турган 2000ге жакын ракетага ээ экендигин болжолдоп жатат.

Иран буга чейин түрдүү аралыкка атуу жөндөмдүүлүгүнө ээ он жаңы ракета түүн билдирген. Бирок бул ракеталардын толук саны жана аралыгы белгисиз.

АКШнын чалгындоо кызматы 2024-жылы Ирандын аймактын “эң чоң баллистикалык ракета арсеналына” ээ экенин жана анын тактыгын жана өлүмдүүлүгүн арттырып жатканын айтты.

2013-жылы өткөн парадда Иран 2000 чакырымдан ашык аралыкка учкан ракеталарды көрсөткөн.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us