АКШнын энергетика министрлиги Түштүк Кореяны "сезимтал" өлкөлөрдүн тизмесине кошкондугун жарыялады. Бул чечим Түштүк Кореянын президенти кыска мөөнөттүү аскердик абал жарыялап, Сеулдун өзөктүк курал жасоо ыктымалы алдыңкы планга чыккандан кийин кабыл алынды.
Министрлик январь айында Жо Байден башкаруусунун акыркы күндөрүндө Түштүк Кореяны «Сезимтал жана башка белгиленген өлкөлөрдүн тизмесине» эң төмөнкү деңгээлде кошкондугун белгиледи. Бирок эмне себептен тизмеге кошулгандыгына байланыштуу эч бир маалымат берилген жок. Өзгөчө президент Доланльд Трамптын бул чечимди кайра кайтаруу чечиминин бар же жок экендигине байланыштуу белги берилген жок.
Министрликтин катчысы Түштүк Кореянын илим жана технология тармагындагы эки тараптуу карым – катнаштарында кандайдыр бир жаңы чектөө менен беттешпей тургандыгын белгиледи. Бирок чечимдин 15 - апрелде күчүнө кириши күтүлүүдө.
Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлиги темага олуттуулук менен карагандарын жана Вашингтон менен жакын байланышта экендерин билдирди.
«Түштүк Корея менен АКШнын ортосундагы энергетика, билим жана технология кызматташтыгынын терс таасирленбеши үчүн активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз»,- деп айтылды.
АКШнын энергетика министрлигинин сезимтал өлкөлөр тизмесинде Кытай, Тайвань, Израиль, Россия, Иран жана Түндүк Корея да орун алууда. Бирок тизмеге кирүү түздөн - түз АКШ менен душмандык ичинде деген маанини билдирбейт.
Түштүк Кореянын атомдук курал тандоосу жана саясий баш аламандыктар
Түштүк Кореянын президенти Йон Сук Ёл жана ал кездеги коргоо министри Ким Ён Хен Пхеньяндын курал программасына жана АКШнын альянсына байланыштуу тынчсыздануулардан улам Сеулдун өзөктүк курал жасоого аргасыз болушу мүмкүн экендигин айтышкан.
Бирок Йон жана Ким декабрь айында Йондун алты саатка созулган согуштук абал жарыялоосунан улам козголоңчу деген айыптоо менен соттолууда. Йон бул процессте кызматынан четтетилди жана анын толугу менен кызматтан алынып же алынбай тургандыгы тууралуу соттун чечими күтүлүүдө.
Йон 2023 - жылы Байден менен сүйлөшкөн келишимдин негизинде атомдук курал программасы тууралуу айткан сөзүнөн баш тартты. Бул келишимге ылайык, Вашингтон Сеулга аймактагы атомдук инциденттерди алдын алуу жана жооп кайтаруу боюнча пландары тууралуу маалымат берүүгө макул болгон. Буга жооп катары Түштүк Корея да өзүнүн атомдук бомбасын өндүрбөй тургандыгына убада берди жана кол койгон Атомдук куралдардын жайылышын алдына алуу келишимине баш ийерин кайталады.
АКШнын коргонуу убадалары боюнча күмөн саноолор уланууда
Ушуга карабастан АКШнын коргонуу убадаларына байланыштуу шектенүүлөр Түштүк Кореянын өзүнүн атомдук арсеналын түзүүгө түрктү болууда.
Тышкы иштер министри Чо Тэ Юл өткөн айда атомдук куралдардын толугу менен "күн тартибинен алынбагандыгын» бирок мындай план тууралуу сүйлөшүүнүн азырынча эрте экендигин белгилеген.
"Эл аралык кырдаалдар күтүүсүз багыттарда өнүгүп жаткандыктан, бул бардык мүмкүн болгон сценарийлерге даярдануу үчүн принципиалдуу жооп", - деген Чо Түштүк Кореянын атомдук вариант тууралуу иштеше аларынын белгисин берди.
Куралдарды көзөмөлдөө коомунун (Arms Control Association) аткаруу директору Дэрил Кимбалл мындай «көкүтүүчү» билдирүүлөрдүн Түштүк Кореяны жайылуу коркунучуна айландырарын жана энергетика министрлигинин өлкөнү тизмеге кошуу менен туура чечим чыгаргандыгын айтты.
«Түштүк Кореянын сезимтал өлкө тизмесине кириши Сеулдун уранды байытуу же колдонулган күйүүчү майды кайрадан иштетүү үчүн АКШдан уруксат алуу ыктымалын жок кылышы керек»,- деген Кимбалл мындай чечимдин Түштүк Кореянын атомдук курал өндүрүшүн кыйындатарын баса белгиледи.
Түштүк Корея чечим чыккандан кийин АКШ менен байланыштын жоктугунан даттанууда
Сеулда АКШнын бул тизмелөө процессине болгон мамилеси тынчсыздануу жаратты. Тышкы иштер министри Чо шейшемби күнү парламентке жасаган билдирүүсүндө Байден башкаруусунан бул тема тууралуу эч бир расмий билдрүү албагандарын жана чечим тууралуу биринчи маалыматты расмий эмес бир булактан алгандарын белгиледи.
АКШнын энергетика министрлиги : «Азыркы учурда Түштүк Корея менен билим жана технология тармактарындагы эки тараптуу кызматташууларга карата жаңы бир чектөө жок. Энергетика министрлиги орток кызыкчылыктарыбызды алдыга жылдыруу үчүн Түштүк Корея менен кызматташуу түзүүнү чыдамсыздык менен күтүүдө»,- деп билдирди.
Бул чечим илимий жана техникалык кызматташууга толугу менен тыюу салбаса да тизмеде орун алган өлкөлөргө жасала турган сапарлар жана кызматташуулардан мурун министрликтин ички кароо процессинин талап кылына тургандыгы айтылды.