БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Судандагы согуштун үчүнчү жылына киргендигин айтып, жарандарга тийгизген оор таасирине көңүлдөрдү бурду жана кагылышууларды токтотуу үчүн глобалдык аракеттерге чакырды.
«Кыйратуучу согуш эки жылды артта калтырды. Судан алигече кыйын кризистерге туш болууда жана анын кесепетин жарандар тартууда»,- деген Гутерреш дүйшөмбү күнү берген билдирүүсүндө базар жерлери, ооруканалар, мектептер жана жер которгон кишилер жашап жаткан жерлерге карата жасалган кол салууларды айыптады.
«Дээрлик 12 миллион киши үйлөрүн таштап кетти жана бул абал дүйнөнүн эң чоң жер кторуу кризиси болду»,- деген Гутерреш 3,8 миллиондон ашуун кишинин коңшу өлкөлөргө баш калкалагандыгын белгиледи.
Гутерреш 30 миллиондон ашуун кишинин жардамга муктаж экендигин, булардын 25 миллионунун катуу ачарчылык менен бетме - бет экендигин айтты. Өзгөчө «түшүмсүз айыл чарба мезгили жакындап кеминде беш аймакта ачарчылык аныкталды жана мунун дагы да жайылары күтүлүүдө»,- деп эскертти.
Билдирүүдө «жардам кызматкерлери бутага алынгандыгы» кагылышуулар башталгандан бери кеминде 90 жардам кызматкеринин каза болгондугун айткан Гутерреш жоопкерчиликти талап кылды.
“Бардык мыйзам бузуулар жана зомбулук боюнча көз карандысыз, калыс жана ачык иликтөөлөрдүн жүргүзүлүшү өтө маанилүү,” – деп кошумчалады Гутерреш.
Миңдеген адам каза болуп, миңдеген адам жер которду
Гутерреш жаңыланган саясий эркке чакырып : « Жарандарды коргоого алуунун бир гана жолу - бул акылга сыйбаган согушту токтотуу»,- деди.
«Дүйнө Судан калкын унутпашы керек»,- деген Гутерреш БУУнун атайын өкүлү Рамтане Ламамра тарабынан жүргүзүлгөн тынчтык аракеттерин колдоодо чечкиндүү экендигин кошумчалады.
2023 - жылдын 15 - апрель айынан бери Суданда Ыкчам колдоо күчтөрү менен армиянын ортосунда көзөмөлдөө боюнча күрөш жүрүп жатат жана бул абал миңдеген адамдын өлүмүнө жана дүйнөнүн эң оор гуманитардык кризистеринин бирине жол ачты.
БУУ жана жергиликтүү жетекчилердин айтымына караганда 20 000ден ашуун киши каза болуп, 15 миллион киши жер которду. Бирок АКШлык изилдөөчүлөр каза болгондордун саны 130 000 экендигин болжолдоп жатышат.
Өлкөдөн качкандардын көпчүлүгү эң көп Эфиопия, Египет, Борбордук Африка Республикасы жана Чадга баш калкалады.