17 саат мурун
Түрк дипломатиялык булактарынан алынган маалыматка караганда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Россиянын борбор шаары Москвада Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Булктар жолугушуунун дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча 19:30да башталып, бир саатка созулганын билдиришти.
Жолугушууда Украина менен Россиянын ортосундагы согушту токтотууга багытталган акыркы аракеттер менен 16-майда Стамбулда өткөрүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн кийинки абалдардын сүйлөшүлгөнү белгиленди.
Путин менен Фидан экономика жана энергетика тармагындагы эки тараптуу карым-катнаштарды да талкуулашты.
Хакан Фидан буга чейин да Киев менен сүйлөшүүлөрдө Москванын башкы сүйлөшүүчүсү Владимир Мединский менен жолугушкан.