Орус күчтөрү түн ичинде Украинанын Кара деңиз жээгиндеги Одесса шаарына пилотсуз аппарат менен катуу сокку урду. Жергиликтүү жетекчилер кол салууда үч кишинин жарадар болгонун жана бир нече көп кабаттуу үйдүн зыян тартканын билдиришти.
Одессанын мэри Хеннадий Труханов шейшемби күнү эртең менен Telegram баракчасы аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө "Душман, Одессанын калк жыш жайгашкан аймагындагы турак жайларды бутага алды" деди.
Аймактын губернатору Олех Кипер кол салууда үч кишинин жараланганын жана аларга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн айтты.
Украинанын аба күчтөрү шейшемби күнү Орусиянын түн ичинде 54 учкучсуз аппарат менен сокку урганын, анын 38инин атып түшүрүлгөнүн жана 16сы электрондук согуш чараларынан улам бутасына жете албаганын маалымдады.
Кипердин айтымында, Одессага болгон чабуул турак жайларга, жарандык инфраструктурага, билим берүү мекемесине жана унааларга зыян келтирди.
Тез жардам бригадалары бөлүшкөн видеолордо жабыркаган имараттардын биринде чоң өрттүн өчүрүлүп жатканын көрүүгө болот.
Үч порту бар Одесса Орусия менен үч жылдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан согушта тез-тез орус чабуулдарына дуушар болууда.