Америка Кошмо Штаттары 14-июнда АКШ армиясынын негизделишинин 250 жылдыгын белгилөө үчүн аскердик парад өткөрөт. Ак үй бул иш – чаранын ошол эле учурда президент Дональд Трамптын 79 жашына туш келгендигин билдирди.
Ак үйдүн катчысы Анна Келли Х платформасынан берген билдирүүсүндө Трамптын америкалык ардагерлерди, иштеп жаткан аскерлерди жана аскердик тарыхты аскердик парад менен урматтай тургандыгын белгиледи.
Келли билдирүүсүндө шилтеме берген Fox News макаласындагы маалыматка ылайык, аземге катыша турган АКШ аскерлери жана аскердик академиянын студенттери АКШ армиясынын тарыхында катышкан кагылышуулар менен согуштардан алынган көрүнүштөрдү көрсөтүшөт. Бул кагылышуулардын арасында Америка революциясынан баштап глобалдык терроризмге каршы күрөшкө чейинки мезгилдер бар.
Washington City Paper өткөн айда билдирген бир кабарда парадды Пентагондон Ак үйгө чейинки алты чакырымдык жолдо өткөрүүнүн пландалып жаткандыгын жазган.
Трамп биринчи мөөнөтүндө Франциядагы Бастилия күнү парадына катышкандан кийин Вашингтондо аскердик парад өткөрүү пикирин билдирген. Бирок Пентагондун бул үчүн 92 миллион доллардын керектелерин, танктар менен башка оор аскердик каражаттардын шаардын жолдоруна зыян келтирет деген тынчсызданууну билдириши менен бул пикир ишке ашкан эмес.
Вашингтондун мэри Мюриэл Баузер да өткөн айда журналисттерге берген маалыматында ушундай эле тынчсызданууларын билдирди. «Аскердик танктардын көчөлөрдө болушу жакшы нерсе эмес. Эгерде аскердик танктар колдонула турган болсо жолдорду оңдоо үчүн миллиондогон доллар керектелет»,- деди.
Жетекчилердин айткандарына жана документтерге караганда аскердик пландоолордо азыркы учурда 6500дөн ашык аскер, 150гө жакын транспорт жана 50 учак катышуусу керек.
Күч жана даңк
АКШнын аскердик кызмат тармактары өз тарыхы жана түзүлгөн күнү менен сыймыктанат. Аскердик чөйрөлөрдө туулган күн деп аталган бул майрам жалпы АКШда жана дүйнөдөгү базаларда өткөрүлөт. Reuters агенттиги көргөн пландоо документине ылайык, 14-июнда өтө турган парад менен аяктай турган бир жумалык майрам пландалууда.
АКШлык бир жетекчи акыркы пландаштыруу бир нече миң кошумча аскерди жана ондогон аскердик техниканы каматыгандыгын, бул техникалардын парад болбосо керек болбой тургандыгын айтты.
Жетекчи пландын азырынча даярдалуу баскычында экендигин жана өзгөрүшү мүмкүн экендигин, өзгөчө бул парад Ак үйдүн талабыбы же армия ойлогон нерсеби белгисиз экендигин кошумчалады.
Жетекчи пландын азырынча Ак үй же Пентагондун жогорку мартабалуу лидерлери тарабынан бекитилбегендигин да айтты.
Трамп буга чейин да аскердик парад өткөрүү каалоосун ачыкча билдирген. Аскердик параддар АКШда сейрек болот. Башка өлкөлөрдө мындай аземдер көбүнчө согуштагы жеңиштерди белгилөө же аскердик күчтү көрсөтүү үчүн өткөрүлөт.
Трамп бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө 14 - июнь тууралуу сөз кылбаса да аскердик майрамдарга ишара кылды. Трамп Truth Social социалдык медиа платформасында: «Бир нече союздашыбыз жана досубуз 8 - майды Жеңиш күнү катары белгилеп жатат бирок Экинчи дүйнөлүк согушунда жеңишке жетишүү үчүн башка бардык өлкөлөргө караганда көп нерсе жасадык. Жеңиштерибизди кайрадан белгилей баштайбыз»,- деген.