ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Зеленский Россиянын чабуулдарына "симметриялуу" жооп берүү үчүн убада берди
Зеленский Украинанын учкучсуз жана алыскы аралыкка атуучу курал-жарак өндүрүшүн кеңейтерин билдирди.
Зеленский Россиянын чабуулдарына "симметриялуу" жооп берүү үчүн убада берди
Zelenskyy emphasises there will be an expansion in the domestic production of unmanned and long-range capabilities. / Reuters
28 Май 2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдин дрондорду жана ракеталарды өндүрүүнү көбөйтүп жатканын жана Россиянын чабуулдарына "симметриялуу" жооп берерин билдирди.

«Күн тартибибизде кыймылдарыбызды пландоо, орус кол салууларына каршы жооп берүү даярдыгы жана алдын алуучу чаралардын көрүлүшү бар»,- деген Зеленский шейшемби күнү  жогорку мартабалуу аскердик жетекчилер менен өткөргөн кеңейтилген жыйындан кийин жасаган билдирүүсүндө Украинанын жергликтүү учкучсуз учуучу аппараты жана алыскы аралыкка учуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте тургандыгын баса белгиледи.

Зеленский Европа өлкөлөрү менен жаңы келишимдердин даярдалып жатканын жана бул келишимдер өзгөчө пилотсуз системаларды жана алыскы аралыкка атуучу куралдарды чыгаруу үчүн Украинадагы өндүрүшкө инвестиция тартууну максат кылганын айтты.

"Биздин көз карашыбыз – Россиядан келген бардык коркунучтарга симметриялуу жооп кайтаруу. Россиядагылар Украинага каршы жасаган иштеринин кесепеттерин сезиши керек. Жана сезишет", - деди Зеленский.

 Россия Украинанын дрондорун атып түшүрдү

Россиянын Коргоо министрлиги шаршемби күнү эрте менен жасаган билдирүүсүндө үч сааттык убакыттын ичинде көпчүлүгү ортоңку жана түштүк аймактарда болгон  112 Украина дронунун жардырылгандыгын же таасирсиз абалга келтирилгендигин билдирди.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Украинанын алты  дронун  Россиянын борборуна багыт алган учурда атып түшүрүлгөнүн билдирди. Куткаруу топторунун  жердеги сыныктарды иликтеп жатканы айтылды.

Россия өзгөчө акыркы күндөрү Украинага жасалган абадан кол салуулардын өз жарандарына карата күч алган Украина дрондорунун кол салуларына «жооп» экендигин белгиледи жана  Киевди тынчтык аракеттерине "тоскоолдук кылууга" аракет кылуу менен  айыптады.

Киев жана батыштык өнөктөштөрдүн 30 күндүк шартсыз ок атышпоо сунуштарын четке каккан Москва жума күнү  кечинде баштап дүйшөмбү күнү эртең мененге чейин жүздөгөн дрондор менен Украинаны бутага алды.

 

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us