Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз 2017-жылдан бери Түркияга баш калкалаган 885 миң 642 сириялыктын өз мекенине кайтканын маалымдады.
Йылмаз дүйшөмбү күнү X платформасынан жарыялаган билдирүүсүндө “Биринчи этапта кайтуулар чек аранын сыртына операциялар аркылуу түзүлгөн коопсуз аймактарга болду. Андан кийин диктатордук режим кулатылгандан кийин кайтуулар ылдамдады,” - деди.
Миграция башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 9-декабрынан бери 145,639 сириялык өз ыктыяры менен кайтты. Бул сан Сирияда оппозициялык күчтөрдүн чабуулунун натыйжасында Башар Асад режиминин кулашынан кийинки мезгилге туура келет.
Йылмаз “Сирияда коопсуздук шарттары, негизги кызматтар жана экономикалык чөйрө жакшырган сайын, бул сандардын дагы тезирээк өсүшү күтүлүүдө,” - деп кошумчалады.
Мурда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Сирияда кадимки жашоого кайтуу өтө маанилүү экенин баса белгилеген.
Фидан: “Кадимки жашоого кайтпастан Түркиядагы же коңшу өлкөлөрдөгү качкындардын кайтып баруусу мүмкүн эмес. Бул процессти талап кылат" деди
Сирияны 25 жыл бою башкарган Башар Асад 8-декабрда Дамаскта анти-режимдик топтор бийликти колго алгандан кийин Орусияга качып кеткен. Бул 1963-жылдан бери бийликте турган Баас партиясынын режиминин аякташын билдирет.
Башар Асадды бийликтен кетирген анти-режимдик күчтөрдү жетектеген Ахмед Альшараа 29-январда өткөөл мезгил үчүн президент болуп жарыяланган.