Оор салмактагы бокс боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимпиаданын алтын медалынын ээси Жорж Форман каза болду. Үй-бүлөсү тарабынан жасалган билдирүүдө Формандын 76 жашында каза болгондугу билдирилди.
Формандын расмий Instagram эсебинен берилген маалыматта : «Терең кайгыруу менен сүйүктүү Жорж Эдвард Формандын 2025 - жыл 21 - мартта жакындарынын жанында бул дүйнө менен коштошкондугун жарыялайбыз»,- деп айтылды.
Үй - бүлөсү : «Көрсөтүлгөн сүйүү жана дубалар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Анын өмүрүн урматтоо менен биздин купуялыгыбызды сактоону суранабыз", - деп коомчулуктан түшүнүүчүлүктү күткөндөрүн билдирди.
Instagram аркылуу берилген маалыматта Фрмандын ишеним жана максат менен жашаган насаатчы, жолдош, ата жана чоң ата деп билдирилди.
Үй - бүлөсү Формандын бокс карьерасындагы ийгиликтерине жана мурасын жашатуу аракеттерине басым жасады.
Форман 1968 - жылы Олимпиада алтын медалына ээ болду жана 1973 – 1994 - жылдары эки жолу оор атлетика чемпиону болду. Боксту таштагандан кийин насаатчы жана иш дүйнөсүндө аткарган иштери менен да таанылды.