Индиянын тышкы иштер министрлиги бул жумада Батыш Африка өлкөсү Малиде болгон террордук кол салуулар учурунда бир цемент заводунда иштеген үч жаранынын уурдалгандыгын билдирди.
Министрлик шейшемби күнү Кайес шаарындагы Diamond цемент заводуна “куралдуу кол салуучулардан турган бир топтун координациялуу кол салуу жасагандыгын” жана бул учурда Индиянын үч жаранын “барымтага алынгандыгын” белгиледи.
Билдирүүдө Индиянын Бамакодогу элчилигинин Мали өкмөтү жана уурдалган Индия жарандарынын үй - бүлөлөрү менен “жакындан жана дайыма байланышта” экендиги айтылды.
Индия кол салуучулар тууралуу кенен маалымат бербестен алар менен байланышта болуп же болбогондугун билдирген жок.
Бирок : “2025 - жылдын 1 - июлунда Малинин батыш жана ортоңку аймактарындагы бир нече аскердик жана өкмөт объектилеринин террористтер тарабынан кол салууга учурагандыгын” белгиледи.
2012-жылдан бери Мали түндүктө чыккан, коңшу Буркина-Фасо жана Нигерге да жайылып, бүт өлкөгө жайылган козголоң менен күрөшүүдө.