АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы соода келишими "даярдалып бүткөнүн", бирок аны бекитүү эки өлкөнүн президенттеринин акыркы макулдугуна көз каранды экенин билдирди.
Трамп шаршемби күнү Truth Social платформасындагы билдирүүсүндө, АКШ "жалпы 55 пайыздык бажы салыктарын, ал эми Кытай 10 пайыздык тарифтерди алат" деп жазды.
"Магниттер жана керектүү сейрек кездешүүчү элементтер Кытай тарабынан алдын ала камсыздалат", - деген Трамп: "Биз да Кытайга макулдашылган нерселерди камсыздайбыз, буга кытайлык студенттердин биздин колледждерди колдонушу да кирет (бул мен үчүн ар дайым жакшы болгон!)" деп кошумчалады.
АКШнын президенти ошондой эле "Мамиле мыкты!" - деди.
Трамп андан соң Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен "Кытайды Американын соодасына киргизүү үчүн тыгыз кызматташа турганын" айтты. "Бул эки өлкө үчүн чоң утуш болот!!!" деп кошумчалады
АКШ менен Кытайдын расмий өкүлдөрү ушул жумада Лондондо жолугуп, тариф темасын талкуулашты. Лондондогу сүйлөшүүлөрдө сейрек кездешүүчү элементтердин экспорту негизги маселе болду.
АКШ буга чейин апрель айында Кытайга чоң тарифтерди киргизе баштаган, бирок май айында АКШ жана Кытай баштапкы 90 күндүк мөөнөт үчүн жазалоочу тарифтерди кеңири кыскартууга макул болушкан.