Польшанын Ички коопсуздук агенттиги (ABW) орус чалгыны үчүн иштеген колумбиялык жаран өткөн жылы Польшада эки жолу өрт койгонун, андан кийин Чехиядагы бир автобус базасын өрттөгөнүн жарыялады.
ABW билдиргендей, 27 жаштагы шектүү Польшада 2024-жылдын май айында гибриддик согуш кампаниясынын алкагында орус оперативдик кызматкерлердин жетекчилиги астында эки курулуш материалы кампасын өрттөгөн.
Атайын кызматтын координаторунун басма сөз катчысы Яцек Добржинский басма сөз жыйынында: "Кол салган кишини Россиянын атайын кызматтары менен байланышы бар адам машыктырган. Алар ага күйүүчү материалдарды, Молотов коктейлдерин кантип даярдоону жана бул өрт менен кол салууларды кантип документтештирүү керектигин үйрөтүшкөн", - деди.
ABW фото жана видеолор орус тилдүү маалымат каражаттары тарабынан жалган маалымат жана үгүттөө максатында колдонулгандыгын билдирди.
Добржинский, орус медиасынын кийинчерээк бул өрттөрдүн биринин Европанын Украинага жардам катары берген аскердик техникалар сакталган Радом шаарындагы логистикалык борбордо чыккан деген жалган кабарларды таратканын билдирди.
Варшавадагы Россиянын элчилиги Reuters агенттигинин бул тууралуу суроосуна жооп катары, мындай негизсиз айыптоолорго комментарий бербей турганын билдирди.
Добржинскийдин айтымында, Польшадагы өрттөөлөрдөн кийин колумбиялык Чехияга барып, ал жерде автобус базасын өрттөгөн. Шектүү соода борборуна кезектеги кол салууну даярдап жаткан деп болжолдонууда жана аны чех бийликтери кармаган.
Россия буга чейин мындай кол салууларга тиешесинин жоктугун айтып келген.