Түркия Республикасынын Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда Жаңы Зеландиянын премьер-министри Кристофер Луксон менен жолугушту.
Коммуникация башкармалыгы Х платформасынан Президенттиктин Долмабахче кеңсесинде өткөрүлгөн жыйналышта Түркия менен Жаңы Зеландиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар менен аймактык жана глобалдык темалардын сүйлөшүлгөнү тууралуу маалымат берди.
Президент Эрдоган Түркия менен Жаңы Зеландиянын ортосунда «тарыхый достук байланыштарынын» бар экенин, Жаңы Зеландияны Тынч океан аймагында «маанилүү өнөктөш» катары көргөндөрүн айтты.
Эрдоган айрыкча соода, транспорт жана коргонуу өнөр жайы тармактарында ташталган жана таштала турган кадамдар менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрүү үчүн аракет кылгандарын айтты.
Эрдоган дүйнөнүн маанилүү сыноолордун алдында турганын, Түркиянын Израилдин Газага кол салууларын токтотуу үчүн аракет кылып жатканын, аймакта туруктуу тынчтыктын эки мамлекеттүү чечим менен гана мүмкүн боло аларын айтты.
Кабыл алууга тышкы иштер министри Хакан Фидан, президенттик аппараттын Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун жана президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч да катышты.
Чанаккале кургактык согуштарынын 110 жылдыгы жана Анзак күнүн эскерүү аземдеринен улам Түркияга келген Луксон президенттиктин Долмабахче кеңсесинде расмий азем менен тосуп алынды.
Президент Эрдоган Луксон менен жолугушуп, урматына сый тамак берди.