ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Дамасктагы элчилик имаратына 12 жылдан ашык убакыттан кийин АКШ желеги көтөрүлдү
Трамп май айынын ортосунда Эр-Риядда Сириянын жаңы президенти Ахмед Шараа менен жолуккандан кийин АКШ администрациясы Иранга каршы ондогон жылдарга созулган санкцияларды жеңилдеткен.
Дамасктагы элчилик имаратына 12 жылдан ашык убакыттан кийин АКШ желеги көтөрүлдү
The US flag was raised outside the long-closed ambassador's residence in Damascus. / AFP
16 саат мурун

АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Томас Барак жаңжал башталгандан бир жыл өткөндөн кийин, 2012-жылы элчилик жабылгандан бери биринчи жолу Дамасктагы элчилик имаратына Американын желегин көтөрдү.

Сириянын жаңы администрациясы менен бир нече ай бою аз байланышта болгон АКШ акыркы жумаларда мамилелерди тез өнүктүрө баштады. АКШ өлкөдөгү элчилик ишмердүүлүгүн расмий түрдө кайра баштай элек болсо да Барактын бул сапары маанилүү кадам катары бааланууда.

АКШнын Түркиядагы элчиси да болгон Барак 23-майда АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды жана бул өлкөгө алгачкы расмий сапарын жасоодо.

АКШ 2012-жылдын февраль айында, Сириянын ошол кездеги лидери Башар Асадга каршы нааразылыктар зомбулукка айланып, өлкөнү он жылдан ашуун убакыт кыйраткан кагылышуулар башталгандан кийин Дамасктагы элчилигин жапкан.

Ошол кездеги элчи Роберт Форд элчилик жабылар алдында Сириядан чакыртылып алынган. АКШнын Сириядагы кийинки чабармандары чет өлкөдө кызмат кылып жүргөндө Дамаскка барган эмес.

Сириянын 14 жылдык согушунда жүз миңдеген адамдар каза болуп, миллиондогон адамдар өлкө ичинде жана сыртында жер которууга аргасыз болушкан.

25 жылдан кийинки тарыхый жолугушуу

АКШнын президенти Дональд Трамп май айынын ортосунда Эр-Риядда Сириянын жаңы президенти Ахмед аль-Шараа менен жолугушуп, АКШ администрациясы өткөн жума күнү Асад үй-бүлөсү ондогон жылдар бою башкарып турган кезде өлкөгө киргизилген санкцияларды жеңилдетти.

Трамп бул кадамдын Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган жана Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын өтүнүчтөрүнөн кийин жасалганын билдирди.

Тарыхый жолугушуу АКШ менен Сирия лидерлеринин 25 жылдагы биринчи жолугушуусу болду. Экс-президент Билл Клинтон 2000-жылы Женевада Хафез Асад менен жолугушкан.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us