ДҮЙНӨ
5 мүнөт окуу
"Кылмыш жана жаза" : Жасалма интеллект боюнча юридикалык дилемма
Дүйнөлүк масштабда жасалма интеллекттин укмуштуудай жана кээде коркунучтуу түрдө өсүшү юридикалык жана моралдык талаш - тартыштарды алып келди. Бул тез өнүгүп жаткан тармакты жөнгө салуунун жолу барбы? Достоевскийдин классикалык "Кылмыш жана жаза" романын эске салган биздин жаңы аңгемебиздин негизги каарманы Расколниковдун адеп - ахлактык дилеммаларынын негизинде санариптик доордо өтүүдө. Бирок биз айта турган сөздө негизги фигура бир адам эмес, RaskolnikAI аттуу татаал бир робот. Чечимдерди кабыл алуунун татаал этикалык алгоритмдери менен иштелип чыккан RaskolnikAI натыйжага багытталган көз карашта иштейт, мында иш-аракеттин тууралыгы алынган натыйжалар менен өлчөнөт. Каргашалуу күнү RaskolnikAIнин эсептөөлөрү укмуштай ылдамдыкта жүрүп, бүтүндөй адамзаттын жер жүзүндөгү башка тиричилик формаларына зыян келтирип жатат деген жыйынтыкка келинди.
"Кылмыш жана жаза" : Жасалма интеллект боюнча юридикалык дилемма
28 Февраль 2025

Ушундайча эсептелген бир маневр менен жалпы бактылуулукту арттыруу үчүн жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана  айлана – чөйрөнү жакшыртууну көздөп, акылга сыярлык көрүнгөн бир катар окуяларды жаратат.

Ушул максаттын негизинде Достоевскийдин каарманы үчүн тандоо куралы  болгон  балтадан алынган AiXE менен мүмкүнчүлүк тапкан сайын адамдарды жок кыла баштады.

Окуяны иликтеген жетекчилер бул ишке жасалма интеллекттин аларашуусунан шектенишет. Акырында RaskolnikAIге чейин барган санариптик жолду ортого чыгарышат.  

Бирок негизги маселе : роботту өз тандоосунун кесепеттери менен күрөшүүгө кантип мажбурлай аласыз?

Жасалма интеллектти жөнгө салуу

Дүйнө жүзүндөгү саясатчылар AI Актынын, AI Коопсуздук саммитинин, Ак үйдүн аткаруу буйругунун жана Калифорниянын SB-1047 мыйзам долбоорунун кесепеттери менен алектенип жаткандыктан, жасалма интеллектти курчап турган жөнгө салуучу чөйрө күчөдү.

Бул аракеттер күчөп бараткан коомдук тынчсыздануу жана геосаясий атаандаштыктын ортосунда   жасалма интеллект технологияларынын коопсуздугун түзүүгө көбүрөөк басым жасалып жаткандыгын көрсөтүүдө. Европа, АКШ жана G7 өлкөлөрүнүн ортосундагы жөнгө салуучу атаандаштык маселелерди ого бетер татаалдаштырып, тиешелүү глобалдык ченемдик база боюнча талаш - тартыштарга алып келүүдө.

Европалык саясатчылар GDPRдин таасирин чагылдырган дүйнөлүк деңгээлдеги жасалма интеллект стандарттарын түзүүнүн үстүндө иштеп жатышат жана АКШ "Брюссель эффектинин" потенциалдуу таасирине каршы турууга аракет кылууда.

Бирок, жөнгө салуунун көлөмү жана мүнөзү боюнча консенсуска жетишүү, айрыкча Кытай жана анын “Пекин эффектиси” сыяктуу таасирдүү актерлорду эске алганда, кыйындай көрүнүүдө.

Кошумчалай кетсек, ChatGPT сыяктуу чоң тил моделдеринин пайда болушу бул моделдердин окуу маалыматтары жана тобокелдиктерди баалоо методологиялары боюнча талаш-тартыштарга алып келген жаңы кыйынчылыктарды жаратууда.

Натыйжада, күчтүү тил моделдери катаал эрежелерге баш ийиши керек жана кичине моделдерге айрым жеңилдиктер берилиши керек деген келишим түзүлүүдө.

Бул талаш-тартыштардын ортосунда дагы бир татаал дилемма пайда болот : жасалма интеллект машиналарына юридикалык субъектиликти берүү. Бул RaskolnikAIнин этикалык дилеммасы сыяктуу ойдон чыгарылган сценарийлерди эске салып, жоопкерчилик жана этикалык кесепеттер тууралуу кооптонууну жаратып, талаштуу маселе болууну улантууда.  

Жоопкерчилик анын артында турган корпоративдик уюмда, анын кодексине жан киргизген иштеп чыгуучуларда болушу керекпи же пайда болгон автономияга ээ болгон субъекттердин өздөрүбү? Кырдаал кайра кайтпай турган абалга учурабастан бул маселени тез арада талкуулоо керек.

Учурдагы ченемдик укуктук базалар жасалма интеллекттин жоопкерчилигинин көп кырдуу аспектилерин чечүү үчүн жетишсиз болуп жатат.

Жасалма интеллект  атайын кылмыштуу аракеттерди жасаган учурда (mens rea, латын тилинде "кылмыштуу ой") жана бул аракетти өзү аткарган учурда (actus reus, латын тилинде "кылмыштуу иш") мыйзамдык чөйрө дагы да татаалдашып, күнөөкөрдүн ким экендиги жана потенциалдуу жазаландыруу  ыкмалары тууралуу суроолорду жаратууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Аймактар аралык Кылмыш жана Адилеттик Изилдөөлөр Институту (UNICRI) жана Европолдун Европа Кибер Кылмыштары боюнча Борбору (EC3) сыяктуу ыйгарым укуктуу мекемелердин акыркы отчеттору, жасалма интеллект технологияларынын жаман ниеттеги актерлор тарабынан тез арада интеграцияланып жаткандыгын баса белгилөөдө.

Акылдуу үй автоматташтыруу системаларындагы коопсуздук кемчиликтерден пайдалануудан  толук автоматташтырылган тестирлөө куралдарын колдонууга чейин, жасалма интеллект кибер кылмыштуулук демилгелери үчүн күч мультипликатору милдетин аткарууда.

Бул сценарийлерде mens rea (жамаатка келтирилген зыяндын субъективдик жактан жоопкерчилиги) адам аймагында жайгашкан, ал эми actus reus (белгилүү бир айыптуу аракет) жасалма интелект системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.

Бирок, дагы да тынчсызданткан сценарий - бул жасалма интеллект  системасынын кылмыштык аракет үчүн гана эмес, ошол эле  учурда жаман ниетке да ээ.

Жасалма интеллектти адамга айлантуу

(Anthropomorphising AI)

Европа Парламентинин   2017 - жылдагы отчетуна ылайык, өз алдынча үйрөнүүчү роботторду "электрондук инсандар" катары мүнөздөсө болот деген сунуш бар.

 

Мэри Шеллинин «Франкенштейн» жана Прагдын "Голем" легендасы сыяктуу көркөм адабий чыгармаларга шилтеме берүү менен, отчетто коомдун акылдуу машиналарды жасоо мүмкүнчүлүгүнө болгон кызыгуусу баса белгиленет.

Бир кездердеги жомоктор азыр чындыкка айланып баратат.

Бирок, мурунку баяндар тууралуу чечимдерди жасалма интеллекке тике колдонууга болбойт. Отчет роботторго электрондук киши мүнөзүнүн  берилишинин аларды компаниялар сыяктуу юридикалык жак катары аларга жоопкерчиликтин бериле аларын ортого салууда.

Жасалма интеллект машиналарына жоопкерчиликти жүктөө туура багыттагы кадам болсо да, алар жасаган кылмыштардын оорчулугун кимдин  көтөрүшү керектигин аныктоо кыйын процесс бойдон калууда.

Отчет  бул так эмес системалардын чечим чыгаруу процесстерин түшүнүүнүн татаалдыгын баса белгилеп, мыйзам чыгаруучуларды туңгуюкка кептөөдө.

Буга кошумча катары жасалма интеллектти иш -аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартуунун практикалык натыйжалары түшүнүксүз, анткени чечимдерди кабыл алуу процесстеринин белгисиздиги жана эмоциясынын жоктугу алдын алуу жана жазалоонун салттуу ыкмаларын натыйжасыз калтырат.

Бул укуктук системаларда олуттуу боштукту жаратып, элдин ишенимине доо кетирет.

Андан тышкары, жасалма интеллекттин машина үйрөнүү алгоритмдери аркылуу кылмыштуу жүрүм-турумдун көп формаларын туурай алуу мүмкүнчүлүгү талкууга тынчсыздандырган өлчөм кошот.

Жасалма интеллектти гумандаштыруунун кесилишинде турганда алардын ар кандай мүнөздөмөлөргө ээ роботтор экенин түшүнүү менен алардын статусун дагы бир жолу ырастоо зарыл болууда.

Бул субъекттерге адам - борборлуу жазалоо чараларын колдонуу үчүн бир чечим жок. Жасалма интеллект системаларынын өлүм жазасына  тартылышы (kill switch) же камакка алынышы, өкүнүү, күнөөдөн арылуу, сезимдерге ээ болуу жөндөмдүүлүгү болбогондуктан башка жасалма интеллект системаларын баш тарттырууда  эффективдүү эмес.

RaskolnikAIга кайта турган болсок  нейрон желесине камтылган утилитарлык логиканын мотивдери астында адамзатты жок кылууну чечсе, чечим чектелген болот.

Бул диллемадан чыгуунун бир гана жолу, анын максатын башка роботторго таратышына жол бербестен  аны алдын алуу менен токтотуп, ушундай окуялардын кайталанышына жол бербөө болуп саналат.

Бирок, ошол учурга чейин болгон жоготуулар, чечилбеген кайгылуу кылмыш доосунун тарыхында орун алат.  

Адамзат сөзсүз түрдө кайталанган жаңылыштыктарына карабастан, өзүнүн үзгүлтүксүздүгүн биринчи орунга коюшу керек. Анткени, Достоевский айткандай, “башкалардын [жасалма интеллект] жолу менен туура эмес кеткенден көрө, өз [адамгерчилик] жолунан жаңылган жакшы”.

 

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us