Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган НАТОго мүчө мамлекеттерди коргонуу соодасына коюлган бардык чектөөлөрдү шартсыз алып салууга чакырды. Бул тууралуу Гаагада өтө турган коопсуздук саммитине жөнөөр алдында билдирди.
Түрк президенти ошондой эле Түркиянын альянстын 2026-жылдагы саммитин өткөрүүнү каалаганын жарыялап, Анкаранын Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтыкты бекемдөөгө чечкиндүүлүгүн баса белгиледи. Стамбулдагы жыйындан кийин жаңы дипломатиялык демилгелер пландалып жатканын маалымдады.
Президент Эрдоган Иран менен Израилдин ортосундагы акыркы ок атышпоо келишимин кубаттап, дүйнөлүк державаларды уланып жаткан чыңалууну азайтуу үчүн тез аракет кылууга чакырды.
“Аймагыбыз, кесепеттери бүткүл дүйнөдө сезиле турган согуштун жүгүн көтөрө албайт,” – деген Эрдоган дипломатияга мүмкүнчүлүк берүүнүн эң туура мамиле болорун белгилеп: “Израилдин Палестинадан баштап Ливан, Сирия, Йемен жана акырында Иранга чейин жеткен жоопкерчиликсиз кадамдары таптакыр кабыл алынгыс,” – деп кошумчалады.
Түркия катары эл аралык укукту сактаган дипломатияга артыкчылык берген принципиалдуу позициясын уланта турганын айткан Эрдоган, Израилдин Газадагы геноциддик согушун да айыптап, тез арада Газада туруктуу ок атышпоонун камсыздалышын жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишин талап кылды.
Түрк өкүлдөрү, дипломатиялык каналдарды бекемдөө максатында Эрдогандын саммиттин алкагында саат 20:30да АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу пландалып жатканын билдиришти.