Индия бейшемби күнү Пакистандын кандайдыр бир аскердик аракетине "өтө катуу жооп" кайтарыларын билдирди.
Тышкы иштер министри Субрахманьям Жайшанкар ирандык кесиптеши менен жолугушууда: "Биздин жообубуз максаттуу жана өлчөнгөн. Кырдаалды курчутуу ниетибиз жок" деди.
«Бирок бизге каршы аскердик чабуул жасалса, буга өтө катуу жооп кайтарыларынан эч ким күмөн санабасын», – деп кошумчалады Жайшанкар.
Бул билдирүү Индиянын Пакистандагы бир нече шаарларга дрондор менен чабуул жасагандан кийин айтылды. Пакистан армиясы, Израиль өндүрүшүндөгү Harop дрондорунун кеминде 25ин атып түшүргөнүн билдирди.
Пакистан премьер-министри Шахбаз Шариф Индиянын шаршемби күнү эртең менен жасаган ракеталык чабуулдарына жооп кайтарууга убада берди. Бул чабуулдар Кашмирдеги Чек ара сызыгында бир нече күндөн бери уланып жаткан ок атышууларды артиллериялык аткылоого айлантты.
Шаршемби күнкү коогалаңда чек аранын эки тарабында кеминде 45 киши, анын ичинде балдар набыт болгону кабарланды.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Эракчи Пакистанга сапарынан бир нече күндөн кийин Делиде Жайшанкар менен жолугушту. Тегеран, өзөктүк куралы бар эки коңшунун ортосунда ортомчулук кылууда.
Индияга баргандан кийин сөз сүйлөгөн Эракчи: «Биздин Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалууну азайтууну каалашыбыз табигый нерсе»,-деди.
«Тараптар аймактагы чыңалууну күчөтпөө үчүн сабырдуулук көрсөтөт деп үмүттөнөбүз», – деп кошумчалады.