Израиль жакынкы айларда Ирандын өзөктүк объектилерине чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүн айтып жатат. Бирок, маалыматтарга караганда, президент Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга АКШ азыркы учурда мындай кадамды колдоого даяр эмес экенин айткан. Кабарды Израилдин расмий өкүлү жана бул тууралуу кабары бар эки адам тастыктады.
Израилдин расмий өкүлдөрү Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөөгө чечкиндүү экенин билдиришти. Нетаньяху Иран менен ар кандай сүйлөшүүлөр өлкөнүн өзөктүк программасын толугу менен жок кылууга алып келиши керектигин баса белгиледи.
Ишемби күнү Римде АКШ менен Ирандын сүйлөшүүчүлөрү алдын ала сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы үчүн жолугушту. Бир нече айдан бери Израиль Трамптын администрациясына Ирандын объектилерине чабуул коюунун бир катар варианттарын сунуштады. Бул параметрлерге кеч жаз жана жай айларын камтыган графиктер кирет.
Израилдин чабуул планы абадан сокку уруу жана десанттык операцияларды камтыйт. Бул операциялар Ирандын өзөктүк программасын куралдандыруу мүмкүнчүлүгүн бир нече айга же бир жылга же андан да көпкө кечеңдетиши мүмкүн.
Нью-Йорк Таймс гезитинин шаршемби күнү жазганына караганда, Трамп ушул айдын башында Нетаньяху менен Ак үйдө жолугушууда Вашингтон Тегеран менен дипломатиялык сүйлөшүүлөргө артыкчылык бергиси келгенин жана кыска мөөнөттө өлкөнүн өзөктүк объектилерине кол салууну колдоого даяр эмес экенин айткан.
Бирок Израилдин расмий өкүлдөрү Израиль армиясы АКШнын колдоосу аз болгонуна карабай, Иранга чектелген чабуул жасай алат деп ишенет. Мындай чабуулдун масштабы боюнча Израилдин башында сунуш кылган операциялардан бир топ азыраак болушу күтүлүүдө.
Израилдин мындай чабуулду качан жана кантип ишке ашырары азырынча белгисиз. Мындай кадам Трамптын ачуусун келтирип, өзгөчө өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр уланып жаткан учурда Израилдин Кошмо Штаттардын кеңири колдоосуна ээ болушуна тоскоол болушу мүмкүн.
Орой жана чечкиндүү жооп
Мурдагы Байдендин администрациясында иштеген эки жогорку даражалуу чиновник пландардын бөлүктөрү өткөн жылы Байдендин администрациясына сунушталганын айтышты. Бул пландардын дээрлик бардыгы, АКШнын олуттуу колдоосун, анын ичинде түздөн-түз аскердик кийлигишүүнү же чалгындоо маалыматтарын алмашууну талап кылаарын белгиледи. Эгер Иран жооп кайтарса, Израиль Вашингтондон өзүн коргоого жардам сурашы мүмкүн.
Reuters маалымат агенттиги АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинен комментарий сурады. Кеңеш Трамптын бейшемби күнү журналисттерге берген маектерине шилтеме жасап, Трамп Израилди кол салуудан баш тартууга үндөбөгөнүн, бирок Тегеранга каршы аскерий аракеттерди колдоого «шашпай» турганын айтты.
Трамп: «Менимче, Ирандын улуу өлкө болууга жана өлүмсүз бактылуу жашоого мүмкүнчүлүгү бар»,-деди. Ошондой эле «Бул менин биринчи вариантым. Эгер экинчи вариант болсо, Иран үчүн абдан жаман болот деп ойлойм жана Иран бул тууралуу сүйлөшкүсү келет», - деп кошумчалады.
Израилдин премьер-министринин кеңсеси бул боюнча комментарий берген жок.
Израилдин жогорку даражалуу расмий өкүлү Рейтер агенттигине Иранга кол салуу боюнча азырынча чечим кабыл алына электигин билдирди.
Буга жооп катары Ирандын коопсуздук кызматынын жогорку даражалуу өкүлү Тегеран Израилдин пландары тууралуу кабардар экенин жана ыктымал чабуулга «катаал жана чечкиндүү жооп» берилерин айтты.
Ирандык аткаминер: «Биз ишенимдүү булактардан Израил Ирандын өзөктүк объектилерине ири чабуул жасоону пландап жатканы тууралуу чалгындоо маалыматын алдык. Бул Ирандын өзөктүк программасы боюнча жүргүзүлүп жаткан дипломатиялык аракеттерге нааразычылыктан жана Нетаньяхунун саясий келечегин сактап калуу үчүн жаңжалга болгон муктаждыгынан келип чыгууда», - деди.
Саясий келечек
Нетаньяху буга чейин Байдендин администрациясына сунуштаган планына каршы чыгуудан кыжалаттанууда. Байдендин администрациясынын мурдагы жогорку даражалуу чиновниктери Нетаньяху АКШнын аба соккуларына жетекчилик кылышын каалай турганын айтышты, бирок Тегеран өзөктүк материалдарды байытуу темпин жогорулатпаса же өзөктүк инспекторлорду өлкөдөн чыгарбаса, Байдендин администрациясы соккуну акылга сыярлык деп эсептебейт.
Адистер Ирандын өзөктүк объектилерин жана запастарын жок кылуу үчүн Израилге олуттуу аскерий жардамга жана АКШнын куралына муктаж болорун көптөн бери айтып келишет. Чектелген аскердик чабуул америкалык бомбардир учактардын, айрыкча терең жер астындагы объектилерге жете ала турган бункердик ок-дарыларды колдонууну талап кылбашы мүмкүн. Бирок Тегеран чабуулга жооп кайтарса, Израиль Вашингтон өзүн коргоого жардам бере турган кепилдикке муктаж болот.
Бардык кол салуу аракеттери тобокелдиктерди камтыйт. Аскердик жана өзөктүк эксперттердин айтымында, мындай кол салуу, ал тургай, массалык аткылоо күчүн колдонгон күндө да, Ирандын өзөктүк программасын убактылуу токтотушу мүмкүн. Батыш өлкөлөрү Иран акыры өзөктүк бомба жасоону көздөйт деп ырасташат; Иран болсо муну четке кагууда.
Израилдин расмий өкүлдөрү Вашингтонго акыркы апталарда АКШнын Иран менен сүйлөшүүлөрү Тегерандын өзөктүк курал өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес деген кепилдиксиз келишимге жетишпеши керектигин айтышкан.
Нетаньяху Трамп менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн кийин: «Бул келишимди Ливия стилинде гана жасоого болот: эгер ирандыктар өздөрү объекттерге кирип, аларды жардырып, америкалыктардын көзөмөлү астында бардык жабдууларды демонтаждашат», - деди.
Нетаньяху: «Экинчи ыктымалдык Иран сүйлөшүүлөрдү атайылап узартса, аскерий вариант ишке кирет», - деди.
Израилдин көз карашы боюнча, азыркы мезгил Ирандын өзөктүк объектилерине кол салуу үчүн ыңгайлуу учур болушу мүмкүн.
Ушул айдын башында журналисттерге маалымат берген Израилдин жогорку даражалуу аткаминери эгер Иран абадан коргонуусун калыбына келтире электе чабуул коюу максаты бар болсо, бул шашылыш экенин айтты. Бирок расмий өкүл Израилдин мүмкүн болуучу демилгесинин мөөнөтүн айткан жок жана аны учурда талкуулоо «максатсыз» болот деп билдирди.