ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия эң күчтүү ядролук эмес бомбасы GAZAPты таанытты
Түрк Коргоо министрлиги IDEF 2025 көргөзмөсүндө GAZAP жана NEB-2 “Hayalet” (Көлөкө) бомбаларын тааныштырды.
Түркия  эң күчтүү ядролук эмес  бомбасы GAZAPты таанытты
/ Others
27 Июль 2025

Түркия эң күчтүү салттуу учак бомбасы GAZAPты таанытты. 2000 фунт (970 кг) салмагындагы бомба Стамбулда өткөн Эл аралык коргонуу өнөр жай жарманкесинде (IDEF 2025) көрсөтүлдү.

Дагы күчтүү таасир берүү үчүн GAZAP бутада кичинекей бөлүкчөлөргө бөлүнүү менен жайылат. Анадолу агенттигине маалымат берген бир эксперттин билдиргенине караганда бөлүкчөлөрдүн тыгыздыгы окшош ок-дарылардан үч эсе көп.

Жарылуу күчү менен бул бомба өтө кыйратуучу мүмкүнчүлүккө ээ жана F-16 согуштук учагынан ташталат. Жардыргыч заттын жана толтургучтун долбоору Улуттук Коргоо министрлигинин илимий-изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан. Бардык квалификация жана сертификация процесстери аяктаганы кабарланды.

NEB-2 “Hayalet”: "Бункерлерди талкалоодо эң мыкты"

IDEF -25 жарманкесинин алкагында Түркия 2000 фунттук NEB-2 "Hayalet" бомбасын көрсөттү. Кээ бир жетекчилер бул ок-дарыны "талаадагы эң эффективдүү бункер кыйратуучу" деп сыпатташты.

Тааныткан топ: "АКШда жасалган типтүү бомбалар C35 классындагы бетонду 2,4 метр тереңдикке чейин тешип өтсө, NEB-84 C50 классындагы бетонго 7 метрге чейин кире алат, бул болжол менен үч эсе бышык",- деп билдиришти.

Эл аралык коргонуу өнөр жай жарманкеси Түркия Республикасынын Коргоо өнөр жайынын башкармалыгы менен Түрк куралдуу күчтөрү фондунун колдоосу менен уюштурулууда.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us