Түндүк Корея биринчи жолу өзүнүн аскерлерин Орусияга жөнөткөнүн тастыктады. Мамлекеттик маалымат агенттиги KCNA билдиргендей, Пхеньяндын аскерлери Москвага Украина көзөмөлдөгөн Курск аймагындагы жерлерди кайра кайтарууга жардам берген.
Дүйшөмбү күнү жасалган бул билдирүү Орусиянын Түндүк Кореянын катышуусун ырастагандан бир нече күн өткөндөн кийин жарыяланды. Түштүк Корея жана Батыш чалгындоо агенттиктери былтыр Пхеньян Курск аймагына 10 миңден ашуун аскер жибергенин көптөн бери айтып келишкен.
KCNA агенттигинин маалыматына ылайык, Түндүк Кореянын Борбордук аскердик комиссиясы: "Биздин куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрү Демократиялык Элдик Республикасынын мамлекет башчысынын буйругуна ылайык Курск аймагын бошотуу операцияларына катышты", - деп билдирген.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын аскерлерди жөнөтүү чечими эки өлкө ортосундагы өз ара коргонуу келишимине ылайык болгонун билдиришти.
KCNA агенттигинин маалыматына ылайык, Ким Чен Ын: "Адилеттүүлүк үчүн күрөшкөндөрдүн баары мекендин сыймыгы жана баатырлары", - деп айтып, алардын "согуштагы эрдиктерине" арналган эстелик жакында борбордо куруларын кошумчалаган.
Борбордук аскердик комиссиянын маалыматы боюнча, "Украинанын бийлигинин Орусия Федерациясына каршы жасаган авантюристтик чабуулдарын токтотуу үчүн Курск аймагын бошотуу операциялары ийгиликтүү аяктады”,деп билдирилди.
Орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов ишемби күнү Түндүк Кореянын аскерлеринин "баатырдыгын" белгилеп, алардын "Украинанын куралдуу күчтөрүнүн тобун жеңүүдө олуттуу жардам көрсөткөнүн" айтты.
Бирок, Украина президенти Владимир Зеленский жекшемби күнү Москва батыш аймагын "бошоттук" деп жарыялашына карабастан Украина армиясы Орусиянын Курск аймагында дагы эле согушуп жатканын билдирди.