Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар Франциянын Палестина мамлекетин таануу планына каршы чыгып, бул кадамды "терроризмге сыйлык берүү" деп сыпаттады.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон шаршемби күнү France 5 телеканалына берген маегинде, Франциянын Палестина мамлекетин таанууга даярданып жатканын жана бул чечимдин июнь айында Сауд Арабия менен биргелешип өткөрүлө турган эл аралык конференцияда жарыяланышы мүмкүн экенин кабарлады.
“Баарыбызга белгилүү болгондой кайсы бир өлкөнүн «бир тараптуу таануусу» ойдон чыгарылган Палестина мамлекетине сыйлык берүү жана Хамасты күчтөндүрүү дегенди билдирет” деген Саар, мындай кадамдар тынчтыкты, коопсуздукту жана ырааттуулукту камсыз кыла албайт, тескерисинче дагы да алыстатат деп айтты.
Макрон болсо: "Биз таанууга карай кадам ташташыбыз керек жана муну алдыдагы айларда ишке ашырабыз," – деди. Ал белгилегендей, июнь айында Нью-Йоркто өткөрүлүшү пландалган жана эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашырылышы талкуулана турган конференция бурулуш учур болушу мүмкүн.
Макрондун билдирүүлөрү, Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газада 50 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган согуш маалында аймактагы кризисти саясий жактан чечүү чакырыктары күчөп турган учурга туш келди.
2024-жылдын февраль айында Макрон Франция үчүн Палестина мамлекетин таануу "тыюу салынган тема эмес" экенин белгилеп, мындай кадамды моралдык жана саясий зарылчылык деп атаган.
"Биз муну көптөн бери басмырланып келген палестиналыктар үчүн жасашыбыз керек. Биз муну кылымдын эң чоң антисемиттик кыргындарын башынан өткөргөн израилдиктер үчүн жасашыбыз керек. Биз муну баш аламандыкты жайылтуучулардан жана өч алуу сезимин козутуучулардан качууну эңсеген аймак үчүн жасашыбыз керек," – деп билдирген ал ошол учурда.
Палестинаны тааныган өлкөлөрдүн саны көбөйүүдө
Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 мамлекеттин 147си учурда Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары тааныйт. Өткөн май айында Испания, Ирландия жана Норвегия да бул өлкөлөргө кошулуп, аны тааныган ЕБ өлкөлөрүнүн саны 10го жеткен. Булардан тышкары Болгария, Түштүк Кипрдин Рум башкаруусу, Мальта, Венгрия, Польша, Швеция жана Румыния да Палестинаны тааныган.
Европадан тышкаркы Багам аралдары, Тринидад жана Тобаго, Ямайка жана Барбадос сыяктуу өлкөлөр да Палестина мамлекетин расмий тааныган.