ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия Франциянын уланып жаткан сот процесстерине карата сындарын "кийлигишүү" деп четке какты
Анкара уланып жаткан сот процесстери тууралуу билдирүүлөрүнөн улам Парижди катуу сынга алып бул билдирүүлөрдүн саясий мотивдер менен жасалганын жана кош стандарттардын көрсөткүчү экенин билдирди.
Түркия Франциянын уланып жаткан сот процесстерине карата сындарын "кийлигишүү" деп четке какты
/ AA
6 саат мурун

Түрия Франциянын уланып жаткан сот процесстерине карата сындарын чекте кагып Франциянын Тышкы иштер министрлигинин акыркы билдирүүсүн ички иштерине кабыл алынгыс кийлигишүү катары мүнөздөдү.

Тышкы иштер министрлиги : “Франция Европа жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан бүгүн (7 - июль) болгон жана өлкөбүздө уланып жаткан сот процесстерине кийлигишүү мүнөзүндөгү билдирүүнү так тил менен четке кагабыз”,- деп билдирди.

Анкара «адилет жана калыс» сот процесстерине кепилдик берерин айтып, бардык соттук териштирүүлөрдүн Түркиянын Конституциясынын жана мыйзамдарынын алкагында көз карандысыз сот органдары тарабынан жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Министрлик Францияны кош стандарттарды колдонуу менен айыптап, француз оппозициясынын лидеринин абак жазасына тартылышын жана анын шайлоого катышуу укугунан ажыратылышын, ошондой эле айрым француз мэрлерине каршы жүрүп жаткан иштерди мисал катары көрсөттү.

«Франциядагы оппозициянын башкы лидери соттун чечими менен түрмөгө кесилгенин жана шайлоого катышууга тыюу салынганын эске алсак, сөз болуп жаткан билдирүүдө кош стандарттар бар экени көрүнүп турат»,- деп айтылды.

Түркия Францияны сот бийлигинин эгемендигине сый көрсөтүүгө жана башка өлкөлөрдүн ички иштерине байланыштуу саясий билдирүүлөрдү жасоодон алыс болууга чакырды.

«Францияга биздин ички мыйзамдарыбызды жана сот бийлигинин көз карандысыздыгына сый көрсөтүүнү, башка өлкөлөр жөнүндө саясий билдирүүлөрдү жасоодон баш тартууну жана өзүнүн ички иштерине көңүл бурууну сунуштайбыз»,- деп айтылды билдирүүдө.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us