Башкармалыктан берилген маалыматка караганда бүгүн жалпы өлкөдө кенен түрдө эскерүү жана дуба кылуу программалары өткөрүлөт.
Иш-чаралардын алкагында бардык облустук муфтияттарда, биринчи кезекте 15-июль окуясында курман болгондор менен бардык шейиттердин рухуна арналган 81 миң хатымдын дубасы окулат.
Бешим намазынан мурун бардык мечиттерде шейиттердин рухуна багышталып Куран окулуп, дуба кылынат.
Президентиктин Миллет мечитинде өткөрүлө турган Мевлид - и Шериф программасы «Диянет» телекөрсөтүүсүнөн түз эфирде берилет.
Бир тараптан 15 - июлдан 16 - июлга өткөн түнү саат 00:13тө бардык мечиттерде бир убакта азан чакырылып, мечиттин муналарынын жарыгы таңга чейин ачык болот.
Шаршемби күнү эрте менен бардык мечиттерде «багымдат намазында» жолугушуу болот.
Шаар аянттарында өткөрүлө турган иш - чараларда Куран окулуп, дуба кылынат, облус жана райондордун муфтият делегациялары шейитткитерди зыярат кылып, шейит жакындарын жана ардагерлерди барып көрүшөт.
Жайкы Куран курстарында “15-июль жана дин кызматкерлери” аттуу атайын иш-чаралар өткөрүлөт. Ал эми Диянет жаштарды тейлөө борборлору жаштарга багытталган диний эксплуатациясы тууралуу маалымат жыйындарын өткөрөт.
Диянет радиосу да жарандар үчүн темага байланыштуу аудио жазууларды жарыялайт.