ТҮРКИЯ
5 мүнөт окуу
ФЕТӨнүн чыккынчылык төңкөрүш аракетинен бери тогуз жыл өттү
Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) мүчөлөрү тарабынан 2016-жылдын 15-июлунда жасалган чыккынчылык төңкөрүш аракетинен бери тогуз жыл өттү.
ФЕТӨнүн чыккынчылык төңкөрүш аракетинен бери тогуз жыл өттү
/ TRT Global
5 саат мурун

15-июлдагы чыккынчылык төңкөрүш аракетинен бери тогуз жыл өттү. Республика тарыхындагы эң узун түн болуп эсептелген ал түнү өлкө боюнча үлгүлүү улуттук позиция көрсөтүлдү.

Ал түнү эмнелер болду?

 2026 -  жыл 16 -  июль саат  14:00 чамаларында Кургактык авиация командирлигинде нөөмөттө турган майор Улуттук Чалгындоо Уюмунун (MİT) Йенимахалледеги кампусуна барып төңкөрүш аракети тууралуу билдирди.  

Билдирүү боюнча Улуттук Чалгындоо Кызматынын кеңешчиси Хакан Фидан башкы штабга барды. Өткөрүлгөн орчундуу жыйында Кургактык авиация командирлигинен  3 тик учактын уруксатсыз учары тууралуу маалымат алынды.

Маалыматтын изилденишине, шектүүлөрдүн камакка алынышына чечим чыгарылды. Казармалардан танк жана ок өткөрбөс унаалардын чыгышына тыюу салынды. Экинчи бир буйрукка чейин аскердик  каттамдар токтотулду.

 Сокку уруу саатын алдыга жылдырышты

Ал түнү  башкы штабда  аскер кийимчен  душмандар да окуяларга көз салып турушту. Командирликтин айланасында  жогорку мартабалуу козголоңчу ысымдар да бар эле. Фидандын келиши менен төңкөрүш планы ачыкка чыкканы белгилүү болуп, чечкиндүү чечим чыгарышты. Сокку убактысын түнкү саат 03:00дөн алдыга жылдырышты.

Хакан Фидан кеткенден кийин төңкөрүшчүлөр башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акардын кабинетин басып алышты жана төңкөрүштүн башталганын билдиришти.

Бирок Хулуси Акар бул абалга катуу каршылык көрөттү. Алдына коюлган төңкөрүш декларациясына кол коюудан баш тартты. Ушул боюнча армиянын генералы Акар кармалып, Акынжы базасына алып барылды. Төңкөрүшчүлөр башкы штабдын экинчи төрагасы Яшар Гүлерди да барымтага алды.

 Whatsapp  группасынан өлүм буйругу берилди

Саат 21:14тө төңкөрүш аракетин координациялоо үчүн WhatsAppта "Өлкөдө тынчтык" тобу түзүлдү. Топтогу билдирүүлөрдө жарандарга карата : «Жок кыл, өрттө, жол бербе» деген буйрук берилди.  

Саат  21:23тө  бир топ төңкөрүшчү аскер Кулели аскердик лицейинен чыгышты.

Төңкөрүшчү аскерлер  21:52де көпүрөгө барды. Аскердик унаалар Европа жагына өтүү багытын унааларга жапты.

Премьер  - министрден биринчи билдирүү

 Баары эмне болуп жатканын сурап жатты. Биринчи жооп түз эфирге чыккан премьер  - министр Бинали Йылдырымдан келди.

"Ачыгын айтканда, биз козголоң чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Көрүнүп тургандай, аскерлердин ичиндеги айрым адамдардын мыйзамсыз аракеттери жөнүндө сөз болуп жатат, буйрук берүү чынжыры жок. Элим жана улутум билсин, демократияга  зыян келтириле турган эч кандай аракетке жол берилбейт»,- деди.

Ал минуталарда Стамбул коопсуздук директорлугуна келген телефондо  аскердик абал жарыяланып, ал мезгилдин коопсуздук директору Мустафа Чалышкан жана тобунун баныгуусу талап кылынды.

 Анкарада учактар төмөндөн учту

Саат  22:00дү көрсөткөндө Анкарада аскердик учактар төмөндөн уча баштады. Төңкөрүшчүлөрдүн бутасындагы  негизги жерлердин башында  Улуттук Чалгындоо Уюму турган. ФЕТӨчү учкучтар тик учактар менен Анкарада Йенимахалледеги Улуттук Чалгындоо Уюму жайгашкан жерди аткылай башташты.

Стамбул Ататүрк аэропорту да кыймылдуу эле. Бир топ төңкөрүшчү танктар менен аэропортко келип көзөмөлдөө мунарасын басып алды. Каттамдарды токтотту.

Саат  23:00дө бул жолу бута Стамбул шаарынын мэриясынын имараты эле. Стамбул шаарынын мэриясынын имаратын басып алган төңкөрүшчүлөр өздөрүнө каршы чыккан жарандарга карата ок атты. 14 киши төңкөрүшчүлөр аткан октон шейит блду.

 ТРТ басып алынды

Төңкөрүшчүлөр басып алган башка негизги бир мекеме ТРТ болду. 16 -  июлдун алгачкы минуталарында каракчылык декларациясы окутулду. Ушул боюнча  TÜRKSAT аркылуу ТРТнын берүүлөрү токтотулду.

Ошол эле минуталарда Мармаристе эс алып жаткан президент Режеп Таййип Эрдоган Ататүрк аэропортуна карай жолго чыкты.

Президент кеткенден көп өтпөй, төңкөрүшчүлөрдү ташыган учак Мармариске барды. Төңкөрүшчүлөр мейманканага бастырып кирди. Чыккан кагылышууда президенттин жан сакчыларынын арасынан атайын операциялар боюнча полиция кызматкерлеринин айрымдары шейит болду.

Учактар бомба жаадырды 

Бир канча убакыттан кийин ондогон кишиге бомба жаадырган учактар соккунун борборунда орун алган Акынжы базасынан учту. Кезеги менен Түркия Улуу Улуттук Парламенти, Гөлбашы полициясынын атайын операция бөлүмүн, Анкара полициясынын башкы кеңсесин жана ТҮРКСАТ имаратын бомбалашты. Ондогон жаран жана атайын операциялардын полиция кызматкерлери шейит болду.

Төңкөрүшчүлөрдүн бутасындагы башка бир ысым аба күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Абидин Үнал эле. Үнал баш болгон  17 генерал Mода деңиз клубунда үйлөнүү үлпөтүнө катышып жаткан жеринен кармалды.

Президент Эрдоган төңкөрүшчүлөргө каршы чыкты

 Президент Режеп Таййип Эрдоган бир телекөрсөтүү программасына телефон аркылуу байланышты.

Президент Эрдоган чыккынчы төңкөрүш аракетинин багытын өзгөрткөн тарыхый сөзүн сүйлөп :«Улутубузду аянттарга чакырам»,-деди.

Бул чакыруу жүз миңдеген кишинин көчөлөргө, аянттарга чыгып, төңкөрүшчүлөргө каршы туруусун шарттады. Ал каршылыктын эң чоң белгилеринин бири көпүрөлөрдө көрсөтүлдү.

Төңкөрүшчүлөр Босфор көпүрөсүнө келген жарандарга карата узун стволдуу куралдар менен ок атышты.

 Мечиттерден селалар окулду

 Дин иштери боюнча башкармалык Түркиянын бардык мечиттеринде селалардын окулушуна көрсөтмө берди.

Ардагер парламент төңкөрүшчүлөргө каршы турду. Анкарадагы депутаттар парламентке келишти. Жалпы жыйын залы ачылды. Бул каршылыкты байкаган төңкөрүшчүлөр парламентти бомбалашты.

 Өмер Халисдемир сокку уруу планын өзгөрттү

Эң таасирдүү учурлардын бири Атайын күчтөр командирлигинин штаб-квартирасында болду. Төңкөрүштүн Атайын күчтөр командири болуп дайындалган Семих Терзи саат 02:16да Шырнак Силопиден штаб-квартираны басып алуу үчүн келген. Бирок кенже сержант Өмер Халисдемир Терзини атып, төңкөрүш планын өзгөрттү.

Президенттин Мармаристен кеткенин билген төңкөрүшчүлөр аракетке өттү. Бомба жүктөлгөн F-16лар президент Эрдоган болгон учакты атуу үчүн учту.

 Акынжы базасында жарандарга ок атылды

Эл төңкөрүшчүлөрдүн учактарынын абага көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн Акынжы аскердик базасынын айланасына чогулду. Базанын тегерегине чогулган элге ок атылып, 5 адам шейит болду.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым бардык аскердик учактардын конушуна, конбогон учактардын атылышына буйрук берди.

Ошол эле учурда хунтанын учактары президент Эрдоганды ташыган АТА учагын издеп жаткан. Хунтанын F-16  учактары АТА учагынын багытын жана турган жерин аныктай алган жок.

 Саат  03:20да президент Стамбул Ататүрк аэропортуна коопсуз түрдө келди. 1 сааттан кийин журналисттердин алдына чыкты.

«Улуттан башка эч бир күч жок. Бул бир көтөрүлүш, мекенге кыянаттык аракети. Мунун ордун толтуруу абдан оор болот».

Ал учурда төңкөрүш жасагандарды куугунтуктоо үчүн аскердик тик учак жана төмөн учкан F-16 аскердик учагы колдонулду.

Таңга жуук төңкөрүшчүлөр психологиялык үстөмдүктү жогото баштады. Бирок коркунуч толугу менен жок боло элек болчу.

Эрте менен 06:30  чамаларында президенттик комплекске бомба ташталды. Босфор кысыгында танктан ок атылып ТОМАга тийди.

 Төңкөрүшчүлөр  улуттук армияга таандык танк жана мылтыктар менен кол салышты. Бирок Түркиянын  81 провинциясында эл демократияны коргоо үчүн көчөгө чыкты. Казармалардын алдын тосуп,  танктардын чыгышына тоскоол болуу үчүн муниципалдык  жүк ташуучу унаалары менен жабылды. Эскишехирден учкан достук учактары Акынжы авиабазасынын учуп-конуу тилкелерин атты.

Төңкөрүшчүлөр утулду, улут жеңди

 Саат 8:30 чамасында Жандармериянын башкы командирлиги төңкөрүшчүлөрдөн  тазаланды. Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар жана камалган жогорку даражалуу командирлер куткарылды.

Улуттук Чалгындоо Уюмунун билдирүүсүндө: "Системалуу операция бүттү, так операцияга өттүк. 1-2 саатта бүтөт",- деди.  Төңкөрүштү пландаган жана ишке ашырган жарандар менен аскерлердин көбү колго түшүрүлүп, камакка алынды.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us