Tүрксат жарандык согуштан улам телекоммуникациялык инфраструктурасы жок болгон Сирияда көптөн бери интернетке жетүү мүмүкнчүлүгү жок болгон калкты интернет менен камсыз кыла баштады.
Кызматтын ишке киргизилгени тууралуу билдирүү ушул аптада эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү Дамаскта жолугушкандан кийин жасалды.
Түркиянын жалгыз спутниктик компаниясы болгон Түрксаттын спутниги жогорку ылдамдыктагы интернет жеткирүүнү камсыздаган Ka-диапазон спектрин колдонууда. Компания инфратүзүмдүн жетишсиздигинен улам санариптик байланыш начар болгон Сириянын ар кайсы аймактарына кабыл алуучу терминалдарды орнотту.
Он жылдан ашуун созулган жарандык согуш учурунда мурунку Башар Асад режими өзүнүн зомбулугуна байланыштуу сүрөттөр менен видеолордун дүйнө менен бөлүшүлүшүнө жол бербөө үчүн интернетти чектеген.
Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнөн тышкары Түрксат телекөрсөтүү жана радио уктуруулары үчүн даяр чечимдерди сунуштай баштады. Кызмат ошондой эле электрондук өкмөт платформаларын, кырсык жана авариялык байланыш системаларын жана жеке тармактык инфраструктураны колдойт.
Жогорку өткөрүмдүүлүктөгү интернет, була же кабелдик тармактар жок аймактарда үзгүлтүксүз байланышты камсыздоону көздөйт.
Түрксат камтуу аймагын дагы да кеңейтүү үчүн өлкө боюнча спутник терминалдарын орнотууну улантууну пландоодо.