ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия 55 токой өртүнүн баарын көзөмөлгө алды, муздатуу иштери уланууда
Айыл чарба жана токой чарба министри аба жана кургактык топторунун кыйын аба шарттары менен күрөшүп жатканын айтып, токой өртү коркунучунун октябрь айына чейин жогору болорун эскертти.
Түркия 55 токой өртүнүн баарын көзөмөлгө алды, муздатуу иштери уланууда
/ AA
29 Июль 2025

Түркиянын айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклы, командалардын өрттөлгөн аймактарда муздатуу иштерин улантып жатканын жана акыркы 24 саатта чыккан 55 токой өртүнүн көзөмөлгө алынганын билдирди.

Шейшемби күнү журналисттерге маалымат берген Юмаклы акыркы уланып жаткан өрттүн түндүк-батыштагы Бурса провинциясына караштуу Харманжыкта экенин айтты.

«Жалпысынан беш учак, 30 тик учак жана 855 кургактык техника менен өрттү толук көзөмөлгө алуу аракетибизди улантып жатабыз», - деди ал.

Юмаклы эртең мененки коюу туман жана түтүндүн, түштөн кийин катуу шамалдын учактардын кийлигишүүсүн кечеңдеткенин билдирип : "Бул жагдай өрттү көзөмөлгө алуу үчүн дагы убакытты узартты. Бирок, аба ырайы жакшыра башташы менен абадан кийлигишүүнү күчөттүк. Кургактыктан күнү-түнү дебестен тынымсыз иштеп жатабыз",- деди.

Министр Юмаклы : «Мурунку күндөрдө эртең мененки коюу туман жана түтүн, андан кийин түштөн кийин болгон катуу шамал учактарыбыздын кийлигишүүсүн кыйындатып, өрттү көзөмөлгө алуу убактысын узартты. Бүгүн эртең менен дагы коюу туман жана түтүн болду»,-деп сөзүн улантты.

Юмаклы Бурсадагы операциялардын жакшы жүрүп жатканын белгилеп, күндүн кечинде аймакка байланыштуу жакшы кабарларды бөлүшүүнү үмүт кылгандарын айтты.

Министр ошондой эле токойлордо өрт чыгуу коркунучунын азыр да бар экендигин белгилеп, коомчулукту этият болууга жана өрттүн кичине белгиси болсо да жетекчилерге билдирүүгө чакырды.

Токой өртү коркунучунун уланып жатканын белгилеген Юмаклы: «2025-жылдын октябрына чейин сак болушубуз»,-деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us