Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесин толук басып алууну жана аскердик операцияларды кеңейтүүнү чечти.
“Чечим кабыл алынды — биз Газаны толук басып алабыз,”деп Нетаньяхунун жакынкы жогорку кызматтагы өкүлү Yedioth Ahronoth гезитине дүйшөмбү күнү кечинде билдирген.
“Туткундар кармалып турган аймактарда дагы операциялар жүргүзүлөт. Эгерде Израилдин армиясынын башкы штабынын жетекчиси макул болбосо, ал кызматтан кетиши керек.”
Израилдин Channel 12 телеканалы бул чечим Израилдин Газадагы стратегиясында чоң өзгөрүү болгонун билдирип, операциялар эми калк жыш жайгашкан аймактарда, анын ичинде борбордук качкындар лагерлеринде жүргүзүлөрүн айтты.

‘Жашыл жарык’
Коомдук телерадио KAN, Нетаньяху менен жакында сүйлөшкөн министрлерге шилтеме берип, премьер-министр коопсуздук мекемелеринин каршы пикирине карабастан Газадагы аскердик операцияларды кеңейтүүнү чечкенин билдирди.
Yedioth Ahronoth гезити АКШнын президенти Дональд Трамп Нетаньяхуга кеңейтилген чабуулду жүргүзүүгө “жашыл жарык” бергенин маалымдады.
Эл аралык ок атышууну токтотуу чакырыктарын четке каккан Израиль армиясы 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газада катуу чабуулдарды жүргүзүп, 61 миңге жакын палестиндикти өлтүрдү. Алардын жарымынан көбү аялдар жана балдар.
Израилдин бул кыйратуучу чабуулу Газаны кыйроо абалына жеткирип, ачарчылыктын босогосуна алып келди.