Саясат
2 мүнөт окуу
Бангладеш индиялык саясатчынын БУУнун тынчтык күчүнө карата чакыруусун айыптады
Бангладештин тышкы иштер министри Тухид Хоссейн Хасина кызматтан алынгандан бери Индия тарабынан өлкөнүн жетекчилигине карата эң чоң сындардын бири катары каралган бул абалга капа болгондугун айтты.
Бангладеш индиялык саясатчынын БУУнун тынчтык күчүнө карата чакыруусун айыптады
Бангладеш индиялык саясатчынын БУУнун тынчтык күчүнө карата чакыруусун айыптады
20 fevral 2025 г.

https://trt-global.com/world/article/3b7b2cd62b67

Хасина кулатылгандан  кийинки баш аламан сааттарда   режимди колдогондугу ойлонулган кишилерге карата жооп кайтаруулар, азчылык индус коомчулугуна карата бир канча кол салууга жол ачты. Индус коомчулугунун лидерлери мындан кийинки зордук  - зомбулуктан коркуп жаткандарын айтышты.

Индиянын Батыш Бенгал шататынын премьер  - министри Мамата Банержи  -  Бангладеш менен жакын маданий жана тилдик жактан байланышка ээ болгон штат. Дүйшөмбү күнү Жаңы Делини тынчсызданууларын билдирүү үчүн БУУга кайрылууга чакырды.

«Батыш күчү Бангладешке жибериле алат жана адамдарыбыз кутула алат»,- деди Банержи.

Өз ара кызыкчылыктар

Бангладештин тышкы иштер министри Тухид Хоссейн Хасина кызматтан кеткенден бери  Индия тарабынан өлкөнүн жетекчилигине карата эң чоң  сындардын бири катары каралган абал үчүн капалангандыгын билдирди.

«Мамата Банержинин эмне себептен мындай билдирүү жасаганын билбеймин, түшүнбөй жатам. Өзү менен жеке тааныштыгым бар, үйүнө бир канча жолу бардым»,- деди журналисттерге.

Тухид Индия медиасын Бангладештеги индустардын абалы тууралуу жаңылыш маалымат жайылтуу менен айыптады бирок коңшу өкмөткө компромисстүү билдирүү жиберди.

«Маселелер чечиле алат. Өз ара кызыкчылыктар сакталышы керек жана Багладеш Индия менен достук мамилени каалайт»,- деди.

Хасинанын кызматтан алынышынан кийин демократиялык реформаларды ишке ашыруу менен милдеттендирилген убактылуу кабинеттин бир мүчөсү болгон Тухид азчылык маселелери тууралуу жаңылыш түшүнүүлөрдү жоюу үчүн башка чет элдик дипломаттар менен да сүйлөшкөндүгүн айтты.

170  миллион  калктуу өлкөдө калктын жалпы кыймылы Хасинанын негизги эл аралык колдоочусу болгон Индияга карата мамилеси терс болуп жатат.

 

Иликте
Осмон империясы мезгилинде  чөккөн кеме  17 -  кылымдагы деңизчилик тарыхы тууралуу маалымат берет.
Отуз күндүк согуш: 1897-жылдагы Осмон-Грек согушу
Осмон доорунда өткөрүлгөн Рамазан жана Хузур сабактары
Оксфорд 2024-жылдын сөзүн жарыялады: "Мээ чирийт"
Лувр музейиндеги тарыхый оңдоо: "Мона Лиза" үчүн атайын бөлмө
Түрк сериалдары Түркиянын маданий байлыгын дүйнөгө таанытууда
400 жылдык Ассирия базары Түркиянын Мардин шаарында калыбына келтирилип кайрадан ачылды
Түрк өнөрпоздору Занзибардын көгүлтүр экономикасын искусство менен жандандырууда
Социалдык тармактардагы сулуулук тенденциялары жаш кыздарга зыяндуубу?
Түркия "Адилеттүү дүйнө" куруу үчүн глобалдык форумдарды баштады
"Дарыядан деңизге чейин Палестина эркин болот" деген эмнени билдирет?
Эки Палестинанын окуясы
Эл аралык кылмыш  сотунун төрагасы : «Согуштук кылмыштар соту коркунучта»
«Бир гана өлүмдү каалап жаттым»: туткун Асаддын түрмөлөрүндөгү кыйноолорду  ачыкка чыгарды
Голан дөңсөөлөрүнүн мааниси жана Израилдин көзөмөлдөө аракети
TRT Global'ды көрүү үчүн көз жүгүртүн. Сиздин пикирлерди бөлүшүңүз!
Contact us